Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Наш герой Абдувасит Юлдашев

Бул каргашалуу согуш – өзүнүн маани маңызы, жагдайларынын өзгөчө курчтугу, кучагына алган аймагы, катышкан өлкөлөрдүн, адамдардын саны, адамзатка тийгизген кесепеттери, курмандыктары, бир нече жылды өз ичине камтыган убактысы менен өзгөчөлөнгөн мүшкүлдүү, өтө олуттуутарыхый окуя.

Бул согуш 1418 күнгө созулуп, совет эли 27 миллиондон ашуун адамын жоготкон. Ата-Мекен үчүн жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлерден сырткары, согуш кесепеттери болгон ачкачылыктан, оору сыркоонун азаптарынан, канчалаган жаш балдар, аялдар, кемпир чалдар набыт болушкан. Балдар кичинекейинен жетим калып балалык бактысынан ажырады. Жашоодо сүйүктүүсүнөн ажырап жалгыз калган кыз –келиндердин, боорунан жаралган уулдарын жоготкон энелердин көз жашы көл болуп, жүрөгү сыздады.

Согуштагы жүрөкту эзген орду толгус армандын кайтарымы – Улуу жеңиш болду. Бул жеңиштин улуулугу анын баасынын өтө кымбатка тургандыгында.

Совет элинине жеңиш алып келген жоокерлердин катарында менин таятам Юлдашев Абдувасит да болгон. Таятам согуштун ардагери 1919-жылы 14-апрелде Сулүктү шаарында карапайым үй – бүлөдө туулган. 3-класска чейин билим алган. 1939-жылы 20 жашында армияга чакырылган. 1941-жылы каргашалуу согуш башталып, бир канча жоокерлер менен согушка аттанат. 424-полкто аткыч болуп кызмат өтөгөн. 1941-жылы 20-ноябрда көкүрөгүнө ок тийип жаракат алат. Алган жаракаты оор болгондуктан госпиталга жаткырылып, дарыланат. 1942-жылы июнь айында кайра чакырылып байланышуу курсанттыкка окуган. 1942-1943-жылдары 232-батольонго телефонист болуп командир менен бирге жүргөн. 1944-жылы кайрадан жаракат алган. Алган званиялары младший сержант, андан кийин старшый сержант болгон. Көрсөткөн эрдиги үчүн бир канча медалдар менен сыйланган.

Таятам согуштан келгенден кийин Таенем Юлдашева Пашахан менен турмуш курат. 6 уул, 6 кыздын атасы 12 перзентүү болгон. Сүлүктү шаарында СШУ кен шахтасында Давлятшиндин бригадасында 25 жыл эмгектенип уй-бүлөсүн баккан. 2000-жылы 81 жашында бул дүйнө менен коштошкон.

Азыркы учурда 4 перзенти, 27 небереси, 66 чебереси , 3 кыбырасы таятамды унутпай алып келген жеңиши менен сыймыктанып, гүлдөгөн заманда жашап жатат. Биз эч качан таятамды унутпайбыз.