Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мырзамидинов Ибраимберди Шамшиевич - 60 ЖАШТА

Урматтуу Ибраимберди Шамшиевич!

Сизди турмуштагы эң маанилүү окуя – 60 жаш мааракеңиз менен  КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: Ж.Ташиев, А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АКООЖ профсоюз комитеттериндеги кызматташтарыңыз, Ош областынын жалпы профсоюздук активи кызуу куттуктайбыз.

Биз Сизди катардагы мугалимден мектеп директорлугуна чейин татыктуу жолду басып өткөн такшалган тажрыйбалуу педагог, таанымал профсоюз  лидери катары жакшы билебиз. Республикадагы ири аймактардын бири болгон Өзгөн районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетин жетектеген жылдардан бери Сиз тейлөөдөгү баштапкы профсоюз уюмдарында профсоюздук уюштуруу, кызматкерлерди социалдык жактан колдоо, социалдык өнөктөштөр менен жакындан иш алып баруу, профсоюз мүчөлөрүнүн эс алууларына камкордук көрүү  сыяктуу профсоюздук ишмердиктин ар кыл тармактарын алгылыктуу иштериңиз менен илгерилетип, тармактык профсоюзда район мыктылардын катарында аталып, дайыма алдыңкы тажрыйбалардын, ишкер илгерилештердин, бараандуу иштердин ээлери болуп келаткандыгыңыздарга күбөбүз.      

Бүгүнкү күндө Сиз жетектеген райондук комитет жана билим берүү уюмдарындагы баштапкы профсоюз уюмдары  тармактык профсоюздун VII съездинин чечимдерин аткаруунун үстүндө арбын аракеттерди көрүп, ал үчүн уюштуруучулук  иш ыкмаларды, багыттарды жана мазмундарды жакшыртуу менен мезгил талабына жараша профсоюздук коргоочулук милдеттерди мыйзам ченемдүү аткарып жаткандыгы кубандырат. Бүткүл дүйнөнү каптаган COVID-19 пандемиясы күчөгөн учурда райондун профсоюз уюмдары оор кырдаалга кабылган кесиптештерге жакындан жардамдарды берип,  ар кандай турмуштук кыйынчылыктарга кабылган билим берүү кызматкерлерине материалдык жана моралдык зор колдоолорду көрсөттүңүздөр. Мында Сиздин мыкты уюштургучтугуңуз зор роль ойногондугун айта кеткибиз келет.

Көп жылдык үзүрлүү эмгегиңиз жогору бааланып, “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”,  “Билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги» төш белгилери, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин, тармактык профсоюздун    Ош областтык комитетинин, Ош областтык  мамлекеттик администрациясынын, Өзгөн  райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйлангандыгыңыз айтаарга арзырлык жана сыймыктуу.

Сизди коомдук ишмер катары да жакшы билебиз. Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаты, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегия мүчөсү, Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун усулдук кеңешинин мүчөсү катары активдүү иштерди жүргүзүп келе жатасыз.

Үй-бүлөңүз менен да сыймыктанууга болот, келинчегиңиз А.Калмурзаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы болуп саналат. Өмүрлүк жубайыңыз менен  3 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн ардактуу атасыз.

Ибраимберди Шамшиевич! КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун тутумунда эмгектенген кесиптештериңиз Сизге бул жарык дүйнөдөгү  абдан бийик жана таза жакшылыктарды каалайбыз. Алла тааладан Сизге узун өмүр жаш берүүнү, райондун тармактык профсоюз мүчөлөрүнө бекем ынтымакта болууну, жетекчилик ишиңизге ийгиликтерди алып келүүнү,  үй-бүлөңүздө ырыскы-кутту бекем  орнотууну суранабыз!