Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдердин билимдерин жогорулатуу курсуна кеткен чыгымдары төлөнөт

Кыргызстандын ар бир аймагында эмгектенип жаткан мугалимдердин билимдерин жогорулатуу курсуна барууга кеткен чыгымдары (иш сапарга кеткен чыгымдары) Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун көзөмөлүндө болуп, мугалимдердин иш сапарга кеткен чыгымдарынын төлөнүшү боюнча иштер жүргүзүлүп келүүдө.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин иш-сапарга кеткен чыгымдарынын төлөнүшү боюнча 2023-жылдын 20-февралында № 01-05/29 каты жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жалпы орто билим берүү мектептеринен өз билимин жогорулатууга барып келген мугалимдердин иш сапарына кеткен чыгымдарына 2023-жылдын сметасына 79,7 млн. сом каралгандыгын жана 2023-жылдын 15-мартынан баштап иш сапарларга кеткен карыздарды жабуу үчүн 7,0 млн. сом райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерияларына которулгандыгын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети