Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

МУГАЛИМ – БИЛИМДИН ШАМ ЧЫРАГЫ

    Сүлүктү шаарында  341  мугалим-тарбиячылар, 3297  окучу, 1056 тарбиялануучуларга  билим жана тарбия берип келишет. 2017-жылдын         7-октябрында  Сүлтү шаарындагы эң чоң БЕКТУР тойканасында билим берүү кызматкерлеринин “Эл аралык мугалимдердин  күнү” кесиптик  майрамынын урматына   шаардагы  200 педагогикалык кызматкерлерге, 57 ардагер мугалимдерге жана шаар жетекчилери, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине жалпы 300 кишиге сый урмат көрсөтүлдү.

     Кесиптик майрамга Сүлүктү шаарынын  мэри Рахманберди Абдыназаров,  вице мэр М.Сапаркулова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исманов жана шаардык мекеме-ишканаларынын  жетекчилери,  катышты.

    Майрамдык  салтанат   мыкты  мугалимдерге  КР билим берүү  жана илим министрлигинин, ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүктүн, шаардык Мэриянын, Билим берүү бөлүмүнүн, Областтык жана шаардык  профсоюз комитетинин Ардак грамоталары жана  төш белгилерин тапшырылып, майрам   жогорку денгээлде  өттү.

     Сүлүктү шаарынын  Мэриясынын (мэр Р.Э.Абдыназаров), шаардык  билим берүү бөлүмү (башчысы А.Ж.Исманов) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Сүлүктү шаардык  комитетинин (төрага К.С.Кудаяров)  ортосунда  2017-2019-жылдарга  түзүлгөн үч  тараптуу  келишимге ылайык   Мугалимдердин кесиптик майрамынын  урматына Сүлүктү шаардык  мэриясы  тарабынан  40 000 сом, шаардык профсоюз тарабынан  30000 сом жана демөөрчүлөр тарабынан 50 000 сом  бөлүнүп, Мугалимдерге майрамдык  сый дасторкон жана  ардагер мугалимдерге белектер берилди. Майрам мугалимдер үчүн  балдар чыгармачылык борбору жана билим берүү мекемелери тарабынан атайын даярдалган концерттик программа ыр-бий менен  коштолуп  кызыктуу өттү.   

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Сүлүктү шаардык комитети