Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалим мөмөлүү дарак

Кыргыз элинде ар кесип ардактуу деп айтылат эмеспи. Бирок ошол ар бир кесиптин эң ардактуусу бул мугалимдик кесип аталат экен. Мугалимдик кесипти аркалоо татаал жана түйшүктүү болгону менен ардактуу деген сөз менен белгиленет. Мына ушул 5-октябрь “Мугалимдер күнү” майрамын утурлай Бишкек мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги тарабынан куттуктоо уюштурулду. Майрамдык маанай тартулоо максатында кесиптик бирлик окуу жайдагы факультеттерге акчалай каражат бөлүп, ал эми  бөлүмдөргө атайын алынган таттуулар берилди. Жыйынтыгында кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Сатиев Азамат