Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу В.И. Ленин атындагы №5 орто мектебинде эмгектенген “Улуу мугалим”, Эл агартуунун отличниги, “Даңк”медалынын жана шаардык “Курманжан датка” наамынын ээси-Дөмөрбекова Күлүйпа эжекенин наамындагы башталгыч класс каанасынын ачылыш аземи болуп өттү.

      Дөмөрбекова Күлүйпа 1947-жылдын 3-ноябрында Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунун Ак-Суу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1955-1963-жылдары Ак-Суу орто мектебинде окуган. Андан кийин мугалимдик кесипти аркалоо максатында 1963-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына кирип, аны 1967-жылы ийгиликтүү аяктаган.  Ошол эле жылы жолдомо менен өзүнүн сүйүктүү мектебине барып, башталгыч классынын мугалими болуп иштей баштаган. 1968-жылы турмуш шартына байланыштуу Таш-Көмүр шаарындагы Тоголок Молдо атындагы №3 орто мектебине которулган. 1985-жылдан тартып В.И. Ленин атындагы №5 орто мектебинде эмгек жолун уланткан.

     Эжекебиз мектепте иштей баштагандан эле уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, мугалимдик кесипке кызыккандыгы билине баштайт. Натыйжада шаардык, облустук комсомол комитеттеринде бюро мүчөсү болуп эмгектенип, бир нече жолу комсомолдун ардак грамоталарына татыктуу болгон. 1975-жылы Республикалык мугалимдердин 5-съездине делегат болуп шайланган. 1988-жылы Республикалык чыгармачыл мугалимдердин I слетуна катышып келген. Өзүнүн көп жылдык тажрыйбасын жаш мугалимдерге үйрөтүүдөн тажачу эмес. Ошонун натыйжасында шаардык башталгыч класстар усулдук бирикмесин 20 жылдан ашуун убакыт жетектеп келген. Облустук билим берүү башкармалыгынын усулдук борборунун демилгеси менен 1994-жылы Тогуз-Торо, Уч-Терек, Токтогул райондорунда өткөрүлгөн башталгыч класс мугалимдеринин көчмө курсунда мугалимдерди курстан өткөрүп, өз тажрыйбасын үйрөтүп кайткан.

      Дөмөрбекова Күлүйпа эжекенин агартуу тармагында жасаган эмгегин, балдарга берген билимин эмгек жааматы, өкмөт баалап: 1988-жылы  “Улуу мугалим” наамын, 1993-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгисин, 2001-жылы “Даңк” медалын жана аял затына берилүүчү шаардык  “Курманжан датка” наамын ыйгарышкан. Эгемендүүлүк жылдарда Конституциялык кенештин мүчөсү болуп, баш мыйзамдын такталышына өзүнүн акыйкат кеңеши менен салым кошкон.

      1968-жылы өмүрлүк жолдошу Сейит аба менен баш кошуп, 43 жыл бирге түтүн булатып жашап, эки уул, эки кызды татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирип, бапестеп багып өстүрүшкөн. Эжекенин сүйүктүү уул-кыздары, анын ысымын түбөлүк өчпөс кылып 43 жыл агартуу тармагында жасаган эмгеги көмүскөдө калбасын деп, 26 жыл бою балдарга билим берип отурган каанасынын ички жасалгасын учур талабына ылайыкташтырып жаңылап, эжекенин наамын ыйгарышты жана мектептин алдыңкы окуучуларына 5000 сом өлчөмүндөгү стипендияны  тапшырууну чечишти.  

      “Адам өтсө сөзү калаар артында, жакшы атагы жашай берет калкында”- демекчи Күлүйпа эжекебиздин жаркын элеси, айткан насааттары, кеп-кеңештери ар убакта бир туугандарынын, бала-бакырасынын, шакирттеринин, билим берген окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүк сакталып кала берет.

     Ушундай өрнөктүү жолду баскан эжекенин наамындагы башталгыч класс каанасынын ачылыш аземине уул-кыздары, бир туугандары, шаардык мэриядан, шаардык билим берүү бөлүмүнөн атайын коноктор, санаалаш курбу-курдаштары, кесиптештери келишип, анын жасаган эмгегин мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрүн, насаатчылыгын, турмушта жана жумушта кандай кыйынчылык болбосун ага туруштук берүүнүн жол жобосун үйрөтө алгандыгын, үй-бүлөдө сүйүктүү жар, мээримдүү эне, бир туугандарына камкор адам экендигин эскерип өтүштү. Андан соң окуучулардын аткаруусунда ыр, бий жана эжекеге арналган ырларды айтуу менен коштолду.

      Эскерүүнүн соңунда салтанатка келген коноктор менен бирге эжекенин наамындагы каананын лентасы кыркылып, куран окулду.