Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Өмүрү ѳрнѳк биздин Бүкѳн эжеке!» (Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата)

«Өмүрү ѳрнѳк биздин Бүкѳн эжеке!» (Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата)

     «Ар бир кесип - ардактуу» дегендей, мугалимдик – түйшүктүү кесип. «Билим – бийик, мугалим – ыйык». Мугалим ким? Адам   жүрѳгүн, каалоосун, сезимин окуткан, «эжеке-агай» деген керемет сѳзгѳ ѳз жашоосун байлап кое алган, мектепти да, үйдү да   ардактаган, сүйлѳсѳ эле окуучуну кеп кылган, мекен жүгү аны эч качан чарчатпаган адам…

     Кытай окумуштуусу Гуан Цызы: «Бир   жылды ойлосоң күрүч эк, он жылды ойлосоң дарак тик, жүз жылды ойлосоң билим бер», - деп бекер айтпаса керек. Биздин   калыптанышыбызга, илимбилим жолуна түшүп, «адам» болушубузга мугалимдер себепкер экендиги белгилүү. Мугалимдин асылдыгы анын хандарды да, олуя-сабааларды да, кѳк жал – баатырларды да окуткандыгында. Ошондуктан, дүйнѳ таанытып, кѳзүбүздү ачкан, алыска канат күүлѳп учурган Мугалимдерге миң алкыш, таазим!

     Биздин Кѳк-Сай айылындагы мектепте да ѳз ѳмүрүн балдарга билим берүүгѳ арнаган не бир асыл эже-агайлар эмгектенишкен жана эмгектенүүдѳ. Алсак, Токтогожоев Анарбек агай, Балтабай агай, Соорбек агай, Сүйѳркул агай, Жакшынбек агай, Айтмамат агай, Бүкѳн эжеке, Сагазиева Рая эжеке, Сүйүмбү эжеке, Бурул эжеке, Кубан эжеке, Бүмаржан эжеке, Кишимжан эжеке, Гүлнар эжеке, Мария эжеке ж.б.

     Биз бүгүн Султанбекова Бүкѳн эжекебиз жѳнүндѳ айтып беребиз.

     Ѳзүнүн ѳмүр жолун эскерип, «Ата-энеси элдин адамы болгондугу» жѳнүндѳ сыймыктануу менен айтып берет. Бүкѳн Султанбекова 1936-1937-жылдардагы Сталиндик репрессияга туш келген кыргыз интеллигенцияларынын үй-бүлѳсүнѳн. Бул тагдырга ал эне сүтү оозунан кете элек бир жарым жаш кезегинде туш болгон. Мүмкүн, ушул тагдыр эжекени сезимталдыкка, намыскѳйлүккѳ, боорукерликке, сабырдуулукка, кайраттуулукка, мээнеткечтикке жана даанышмандыкка тарбияласа керек…

     Атасы Султанбек ѳз мезгилинин билимдүү, сабаттуу адамы болгон экен. ОлуяАтадан орусча билим алып, болуштардын эсеп-китепчелерин, ар кандай жазуу иштерин толтуруп, кызмат кылыптыр. Кыйын кезеңде билим алууга шарты келбесе да, биринчи секретарлыкка чейин сунушталыптыр. Бирок, туугандарына колунан келген жардамын берип, иниси Тѳрѳкул Айтматовду окутууга аракет кылып, аялы Актотунун «Зингер» тигүүчү машинасын күрѳѳгѳ коюп, акча алып, окууга жѳнѳткѳн. Кийинчерээк атасы Султанбек репрессияланып, 1956-жылы реабилитацияланат.

     Султанбекова Бүкѳн – 1935-жылы Талас шаарында тѳрѳлгѳн. Шекер айылында окуп, орто мектепти 1955-1956-жылы Талас шаарындагы кыздар интернатында аяктаган. 1961- жылы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физикаматематика факультетин бүтүрүп, кѳптѳгѳн мектептерде физика-астрономия сабактарын окуткан. Кѳп жыл Кѳк-Сай орто мектебинде окуу бѳлүмүн жетектеген.

Бүкѳн эжеке ѳз учурунда кесиптештери менен.

     Нечен мыкты окуучуларды билим уясынан учурган. Бир эле мисал келтире кетсек; окуучусу Токтогожоев Архимед Анарбекович физика сабагы болюнча республикалык олимпиадада байгелүү орунга ээ болуп, Баку шаарына Кыргызстандын атынан Эл аралык олимпиадага катышып, ийгилик жаратып келген.

     Бүкѳн эже бир кыз, эки уулду жана инисинин кызын татыктуу тарбиялады. Азыр эжекенин 14 небереси, 5 чѳбѳрѳсү бар. Баарысы жогорку билимдүү. 1990-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

     Ардактуу эс алууга чыккандан кийин бош отуруп калбастан, 1991-жылы жумушсуз аялдарды жумушка тартып, кант кызылчасын ѳстүрүп, аялдар коомун түзгѳн.

     1998-жылы айылдагы бүлүнгѳн тѳрѳт үйүн ашар жолу менен оңдоп, Роза Айтматованын кѳмѳгү менен «Актоту» тѳрѳт үйүн ачкан. «Сорос» фондуна проект жазып, 75 миң сомго тѳрѳт үйүнѳ керектүү буюм-эмерек, каражаттарды утуп алышат. Мамлекеттик эмес уюм түзүп, каражат булактарын таап, айылдагы балдарга жумшак оюнчуктарды, аз камсыз үй бүлѳнүн балдарына бут кийимдерди таркатып берген.

     Биздин каарманыбыздын эмгеги жогору бааланып:

     1982-жылы – Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы;

     1984-жылы – Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун отличниги;

     2000-жылы – Талас облустук администрациясынын Ардак грамотасы;

     2005-жылы – «Кыргыз аялдары элетти ѳнүктүрүүдѳ» деген конкурста жеңип, диплом менен сыйланган.

     2005-жылы – «Датка айым акылман» фонду чыгарган «Кырк кыз» сериясындагы «Аялдар элетти ѳнүктүрүүдѳ» китебине киргизилген.

     2010-жылы – «Кыргыз Республикасындагы социалдык, экономикалык, моралдык» конкурсунун жеңүүчүсү диплому налган.

     2011-жылы – «Кара-Буура баяны» китебине,

     2014-жылы – «Бейиш эненин таманында», «Доорлор жаңырыгы» аттуу китептерине киргизилген.

     Кыргызстандын оңолоруна, келечекке ишенген эжеке: «Баарыбыз адамдык сапатты жогору коюп, боорукер, бири-бирибиз менен ынтымакта, жакшы мамиледе болсок, кантип биздин эл дүйнѳлүк масштабга жетпесин» деген изги тилегин айтат. 85 жашка келсе да эжеке керек учурда айыл элине акылын айтып, бактылуу карылыктын доорун сүрүүдѳ.

Эжеке биздин мектептин сыйлуу коногу.

А.Токтогожоев атындагы Кѳк-Сай орто мектеби,

Профком: Кулбаева Гулсада Накеевна