Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Москва шаарында «Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу» деген темада семинар-окуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын тармактык профсоюздардын Борбордук комитеттеринен 12 техникалык эмгек инсекторлору жана 3 аймактык комитеттердин инспектору болуп ФНПРдын Москва шаарындагы Эмгек жана социалдык мамилелер Академиясынын базасында МОТтун каржылоосу менен 5 күндүк окуу-семинары өткөрүлдү. 13-майда окуу-семинардын ачылышында Академиянын алдындагы  институттун вице-президенти Демидова Светлана Евгеньевна, профсоюздук билим берүүнү өнүктүрүү борборунун жетекчиси Соболева Светлана Анатольевналар сөз сүйлөштү.

МОТтун Москвадагы бюросунун эмгекти коргоо жана эмгек инспекциясы, эмгек маселелерин жөнгө салуу боюнча башкы адиси Валентин Мокану  эмгекти коргоонун эл аралык стандарттары боюнча лекция окуду. Мындан тышкары РФнын эмгекти коргоо боюнча укуктук негиздери багытында профессор Доронина Ольга Дмитриевна кенен  маалымат берди ж.б.

Ошентип 5 күндүк окуу-семинардан бизден барган техникалык эмгек инспекторлор пайдалуу маалыматтарды алып, аягында сертификаттар тапшырылды.

   

Материалды даярдаган:

Кадыркулов Б.М.