Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

"Менин профсоюзум -менин коргоочум"

Кемин райондук кесип бирликтер комитети Кичи Кемин  аймагындагы мектептердин профсоюз уюмдарынын  торайымдары менен бирдикте
Б.Юнусалиев атындагы орто мектептин базасында «Менин профсоюзум -менин коргоочум» деген темада семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты "Аймактарды өнүктүрүү,өлкөнү санаптештирүү,балдарды колдоо" жылында тармактык профсоюз уюмдарынын ишмердигин жаны сапаттуу дэнгээлге көтөрүү.
Семинардын милдети Кемин районунун билим берүү мекемелериндеги профсоюз лидерлеринин ишмердигин жогорулатуу жана билим берүү мекемелеринде иштеген профсоюз мүчөлөрүн укуктук-нормативдик документтер менен тааныштыруу ,камсыз кылуу. Семинарда Кемин райондук кесип бирлигинин төрайымы А.Т.Чылабаева - Семинардын катышуучуларына ийгилик каалап өттү. Ал эми семинарды Кичи Кемин орто мектебинин төрайымы Р.Султанбаева жана  мектептин профсоюз мүчөлөрүнүнүн катышуусунда кызыктуу  өттү. Семинардын катышуучулары топторго бөлүнүп өз ой пикирлерин айтып өтүштү. Семинардын акырында А.Т.Чылабаева төрайымдарды келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык  майрамы менен куттуктап баалуу белектерди тапшырды.
 
 
Материалды даярдаган:
Чылабаева Айсалкын