Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН НААРАЗЫ БОЛО ТУРГАН ЖӨНҮ ЖОК!»

Асылбек ТОКТОГУЛОВ, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы:

 

— Бүгүнкү күндө билим берүү системасында өзгөчө чоң талкуу жаратып жаткан КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгы республиканын бардык аймактарында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Жарлыктын негизги максаты-билим берүү системасындагы кадрлык саясатты  мезгилдин талабына ылайык, жаш, келечектүү, иш-тажрыйбага өзгөчө маани берген, мотивациясы күчтүү, туруктуу иштерге багытталган кадрлардын келишине толук шарт түзүү болуп эсептелет. Ошентсе да Жарлыкты ишке ашырууда кээ бир маселелер боюнча ар кандай талкуулар болуп жатат. Бул боюнча биздин профсоюздун Борбордук комитетине көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Айтарым, Жарлыкты талкуулоого эч кандай негиз жок.

Биз, профсоюздун Борбордук комитети Жарлыкты толугу менен колдоп келгенбиз жана колдой бермекчибиз. Жарлыкка ылайык министрликтин атайын Жобосу бекиген. Учурда анын негизинде беш жылдан жана он жылдан ашык иштеген 966га чейин мектеп директорлору бул конкурска катышканы жатат. Мында эч кандай укук бузуу маселелери болгон жок. Бул мезгилдин талабы. Учурда талантуу, эл менен иштей алган, ата-эненин жана окуучунун кызыкчылыгын көздөгөн, педагогикалык-дидактикалык принциптерди толук түшүнгөн, усулдук бардык багыттарды өздөштүрө алган мыкты инсандардын келишине жол ачылып жатат десек жаңылышпайбыз.

Ал эми мектеп директорлорун нааразы боло турган жөнү жок. Ошол эле мектеп директорлору ушул конкурска катышып, өзүлөрүнүн билим деңгээлин, тажрыйбасын дагы бир жолу тастыктап, конкурстан өтүүгө толук шарты бар. Экинчиден, айта кетчү нерсе, жумуштан бошотуунун тартиптери жер-жерлерде райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан так аткарылбагандыктан, аймактарда  ар кандай суроолор жаралууда. Бул жерде эң негизгиси, КР Эмгек Кодексине, КР Президентинин Жарлыгына таянып жумуштан бошотуу керек. Эгерде мектеп директору эмгек өргүүдө болсо, анда аны 14 күндөн кийин КР Эмгек Кодексине ылайык кайрадан жумушка чакырып алуунун негизинде, Жарлык менен тааныштырган соң гана жумуштан бошотуп, аларды конкурстун жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу дайындоого болот. Ошол эле мектеп директору конкурсска катышууга Жободо толук укук берилген.

Ошондой эле бул конкурска директорлор менен катар эле жети жылдан ашуун педагогикалык стажы бар катардагы мугалимдер дагы катыша алат. Эч кандай коррупциялык система байкалбайт, адамдык фактор жок. Мектеп директоруна тиешелүү талаптарга ылайык келген татыктуу адамдардын конкурстан өтүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Коомчулукта «мыкты директорлор бошотулду» деген дагы кайчы пикирлер пайда болду.  Бул жерде эч маселе жок.  Анткени ошол жетекчилер өз билимин, тажрыйбасын жогоруда айтылгандай, конкурстун негизинде  далилдеп берүүгө толук шарттар түзүлдү. Профсоюздун Борбордук комитети бул Жарлыкты аткарууда келип чыккан маселелер боюнча, ошондой эле конкурска катышуучулар арасында кандайдыр бир суроолор жаралган учурларда ар дайым укуктук жардам берүүгө даяр. Бүгүнкү күндөрү КР Билим берүү жана илим министри А. Бейшеналиевдин жүргүзүп жаткан саясатын профсоюздун Борбордук комитети толугу менен колдойт. Бардык маселелер боюнча биргелешип, макулдашылган иштерди аткарып жатабыз.

Конкурстан өтпөй калган кызматкерлер эртеңки күнү жумушсуз калам деп кооптонбой деле койсо болот. Себеби, алар кайрадан ошол мектепте калып, өз педагогикалык ишин улантууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле беш жылдык мөөнөттөн кийин алар кайрадан конкурска катышып, өз мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир сыйра сынап көрүүгө толук укуктуу.

Мындан мурун КР Өкмөтүнүн (12.09.2011-ж.) Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобосунун 62-пунктуна ылайык 2011-жылдын сентябрь айынан тартып  мектеп директорлорун кызматка коюу, алуу жана тартиптик жазаларды берүү укуктары райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө берилген. Кийин КР Өкмөтүнүн (17.10.2014-ж. №535) токтому менен жобонун 62-пунктуна толуктоолор киргизилип, «жалпы билим берүү уюмунун директору менен беш жылга чейинки мөөнөткө, бирок катары менен экиден ашык эмес мөөнөткө эмгек келишими түзүлөт» деп белгиленген. Натыйжада, мектеп директорлору менен мөөнөттүү келишим түзүү буга чейин деле каралган. Бирок бул нормалар толук аткарылбай келген. Эми КР Президенттин Жарлыгына ылайык, республикабыздын бардык мектептеринде беш жылдык мөөнөт аяктаган соң, сөзсүз түрдө мектеп директорлору конкурстук негизде тандалып алынышы керек. Ал эми «ротация» боюнча азырынча эч маселе жок. Анткени ар бир мектепке өзүнчө конкурс жарыяланып жатат. Демек, ар бир мектепке жетекчи тандалып алынат.  Ошондуктан буга тиешелүү кээ бир маселелерде бул Жарлык КР Эмгек Кодексине туура келбейт деген сыяктуу пикирлер туура эмес. Биз аталган Жарлыкты бардык жерде  толугу менен аткарууга милдеттүүбүз.

Жарлыктын негизги багыты КР билим берүү системасынын келечегин, адистик түзүмүн өркүндөтүү менен бирге мектеп жетекчиси кандай деңгээлде экендигин, мугалимдер жамаатынын чыгармачылыгын өрчүтө алабы, ата-эне жана окуучулар менен иштешүүсү кандай болот, деген сыяктуу  маселелерди камтыйт.  Ошондуктан  бул маселе өтө орчундуу. Буга  эч кандай түшүнүксүз мамиле кылууга негиз жок. Ал эми бүгүнкү күндө иштеп жаткан мектеп жетекчилери конкурска катышып, анын негизинде өз иштерин кайрадан улантууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Мен жаңы тандалып келе турган жетекчилер мезгил талабына, замандын чакырыгына ылайык КР билим берүү системасын өнүктүрүүгө зор салым кошо алат деп толук ишенем.

Акыркы учурларда Президент Садыр Жапаров мугалимдерге болуп көрбөгөндөй көңүл буруп жатат. Мугалимдердин айлык акысы эки эсеге жогорулады. Бул өзү чоң жаңылык жана чоң жардам!  Азыр бизден жооп катары билим берүү системасын ушуга татыктуу деңгээлге көтөрүшүбүз талап кылынууда. Президентибиздин Жарлыгын аткаруу менен өлкөбүздө туруктуу иштеген билим берүү системасын калыптандырышыбыз керек. Бул албетте, эң чоң маселе.

Андан тышкары, биз, профсоюздар мугалимдердин эс алуу маселелерин дагы карап жатабыз. Кечээ эле   министрликке караштуу «Санат» эс алуу борборуна Президентибиз өзү барып, мугалимдер менен жолугушуп, эс алуучулардын санын миң кишиге жеткирүү максатында кошумча курулуштар боло тургандыгын айтты. Мындай камкордукка биз билим берүүнүн сапатын, болочок муундардын билим деңгээлин жогорулатуу менен жооп беришибиз керек.

Бүгүнкү күнү билим, илим тармагы өзгөчө өнүгүшү керек. Ансыз Республиканын экономикасы өспөйт. Ошондуктан биз бул демилгелерди саясатташтырбай, баардыгыбыз билек түрүп колдошубуз парз. Мындай демилгени жалпы мугалимдер, ата-энелер колдоп жатышат. Бул  мезгилдин чакырыгы болуп жатат. Конкурска катышып жаткан жетекчилерге, мугалимдерге  ийгилик каалап, тилектештигимди билдирип кетким келет. Конкурска байланыштуу келип чыккан маселелерди, суроолорду чечүүдө министрлик менен көмөктөшүп аракет кылууга даяр экендигибизди дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет.

Жазып алган Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”