Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мамлекеттик тил боюнча олимпиадада 1-орун

     2018-ж.  20-февралда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия  Билим берүүдөгү  заманбап маалыматтык технологиялар институту менен биргеликте Бишкек шаарындагы ЖОЖдор аралык мамлекеттик тил боюнча
студенттик олимпиада «21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө» карата 21 жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда  болуп өттү.  

      Аталган  олимпиадага Н.Исанов ат. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен 2 студент катышты, алар:

1) Иманалиев Марсель ПЗ-1-17 тобу  (1-курс) Курулуш жана технология институту, “Долбоор коргоо” тапшырмасы менен;

2) Элчибек кызы Жибек ВР-1-17  тобу (1-курс) Экология жана энергияны үнөмдөө институту,  Дил баян жазуу жана көркөм окуу тапшырмасы менен ктышышып, жыйынтыгында  Иманалиев Марсель  “Долбоор коргоо” тапшырмасы боюнча 1-орунду ээлеп, I  даражадагы диплом, жаңы басылып чыкан Молдо Кылычтын ырлар жыйнагы жана акчалай сыйлык (1000 сом) менен сыйланды; Элчибек кызы Жибек ВР-1-17  тобу (1-курс) жигердүү катышкандыгы үчүн атайын сертификат менен сыйланды.

       Олимпиадага катышуучу студенттерди мыкты даярдыктар менен жетектеп келгендиги үчүн “Кыргыз тили” кафедрасынын  доц.милд.атк. Абдыраева Назгүл Сарбагышовна  “Мактоо баракчасы менен сыйланды.