Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мамлекеттик символдор – мамлекеттүүлүктүн башаты!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 3-март – Мамлекеттик Туу, 5-март – Ак калпак күндөрүнө карата «Мамлекеттик символдор – мамлекеттүүлүктүн башаты» аталыштагы  онлайн-тегерек стол болуп өттү. Ага окуу жайдын профессор-окутуучулары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Садык Алахан – Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил иштери боюнча проректору, филол.и.д.,профессор, Кайыпов Сулайман – тарых илимдеринин доктору, фил.и.д.профессор (Бишкек), Сабирахунова Кыял – ЭЛТРдин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн башчысы, белгилүү журналист, Калматов Р. – 7-каналдын Жалал-Абад областтындагы бөлүмүнүн башчысы, белгилүү журналист, Илязбек Турдубай уулу– Жалал-Абад областтык медия борборунун башкы редактору, белгилүү журналист Алимова Анара – “Аймак” газетасынын башкы редактору, Шайыкова Жумагул – Областык АКИ пресс  кызматынын башчысы, ошондой эле студенттер, белгилүү манасчы Шерипбай кызы Айдай жана өнөрпөздор катышышты. Иш чаранын ачылышы жана куттуктоо сөздөрүнөн кийин, манасчы кызыбыз “Манас “ эпсунан үзүндү айтып, күчтүү дем берип, шаңдуу маанай түзүлдү.

Философия  кафедрасынын башчысы философия и.к., доцент Г.Токтогулова - “Кыргыздын улуттук символикалары жана Ак калпак  философиясы”- деген темада мазмундуу доклад жасады.

Окумуштуулар жана журналисттердин  ой бөлүшүү маеги жогорку философиялык өңүттө өттү. Айрыкча, Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил иштери боюнча проректору, филол.и.д.,профессор Садык Алахан, тарых илимдеринин доктору, фил.и.д.профессор Кайыпов Сулайман агайлардын ой маеги студенттерге абдан таасирдүу болду.

 

 

Мамлекеттик символдорубузду барктай билели!

Даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Н.Баитова