Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Майрамыңыздар менен!

Урматтуу тармактык профсоюздун кызматкерлери жана активи!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана өзүмдүн атымдан Сиздерди профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктаймын!

Биз Сиздердин билим берүү жана илим тармактарында эмгектенген кызматкерлерибиздин социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого арнаган баа жеткис эмгегиңиздерди ар дайыма жогору баалайбыз. Борбордук Комитет тармактык министрлик менен биргеликте педагогикалык кызматкерлердин жана  профессордук-окутуучулук тутумдун эмгек акыларын жогорулатууга жасап жаткан аракеттеринде Сиздердин олуттуу салымдарыңыздар бар экендигин айтып кетишибиз керек.

Сиздер жер-жерлерде эки же үч тараптуу макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди түзүү, аларга профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктерин кеңири киргизүүнү камсыз кылуу жана бул багыттагы иштерди Эл аралык эмгек уюмунун талаптарына шайкеш келтирүү боюнча урунттуу чараларды көрүп жатасыздар. Эмгек жөнүндө мыйзамдуулуктун билим берүү уюмдарында сакталышына коомдук көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуу менен  кызматкерлерибизге коопсуз жана ыңгайлуу эмгектенүү шарттарын түзүү иштерин ар тараптан көзөмөлдөп келүүдөсүздөр.  

Профсоюздук уюмдарыбызда уюштуруу иштери жакшырып бараткандыгына быйыл Ысык-Көлдө өткөн көчмө пленумубузда татыктуу баалар берилди, мындай алгылыктуу иштер профсоюздук мүчөлүккө тартууну, жаңы профсоюз уюмдарын түзүүнү, тармактык профсоюздун катарына жаштарды тартууну, тармактык профсоюздун Уставынын ченемдерин жүзөгө ашырууну, жогорку профсоюз органдарынын жана өздүк чечимдерди аткаруу боюнча жоопкерчиликти жогорулатууну колго алганыңыздардан улам жүзөгө ашырылууда. Профсоюз мүчөлөрүнүн эс алууларын уюштурууга Сиздер тарабынан арбын көңүл бурулууда.  Профсоюздук маалымат-коммуникация  түзүмүн өркүндөтүү иштерине активдүү катышып жатасыздар, иш кагаздарын электрондук алмашууга өтүүгө салым коштуңуздар, аймактык жана республикалык ЖМК менен тыгыз кызматташып жатасыздар, булар үчүн Сиздерге зор ыраазычылык билдиремин.

Кесиптик майрам күнү Сиздердин ар бириңиздерге бекем ден соолук, ченемсиз бакыт, ишиңиздерге илгерилеген ийгиликтерди каалаймын! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

 

Урматтоо менен   А.Токтогулов,

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы

 

 

Уважаемые коллеги,

 ветераны профсоюзного движения работников образования и науки

 Кыргызской Республики!

От имени Центрального комитета профсоюза работников образования и науки КР и от себя лично поздравляю Вас с праздником – Днём работников социальной защиты и профсоюзов Кыргызской Республики!

Сегодня Профсоюз отрасли ведёт плодотворный поиск наиболее эффективных форм защиты социально-трудовых прав и профессиональных интересов работающих и студентов, бережно хранят и преумножают традиции, которые были заложены многими поколениями профсоюзных работников и активистов. Эта позиция близка и понятна людям и всем нашим социальным партнёрам.

Ваша деятельность, уважаемые лидеры профсоюзного движения, неотделима от жизни трудовых коллективов, судеб работников образования и науки, которым постоянно нужны правовая помощь и защита. Пусть самоотдача, активная жизненная позиция будут вам подспорьем в стремлении к формированию оптимальных условий труда, организации защиты прав трудящихся, чётких ориентиров по эффективному использованию трудовых ресурсов.

Желаю вам и вашим семьям здоровья, благополучия, профессиональных успехов, и пусть ваша неиссякаемая энергия дарит заряд бодрости вашим первичным организациям!

    

Председатель                                                                      Асылбек Токтогулов