Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Өлкө башчыдан грамота алган мугалим

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 47 жаштагы тургуну Асанбек Алымкулов 1995-жылдан бери сүрөт жана кол эмгек сабагынан окуучуларга билим берип келет.

Мугалимдин айтымында, бала кезинен бери атасына жардам берип жүрүп кол өнөрчүлүккө кызыгып калган.

- Кичинекей кезимде атам ат жабдыктарынын түрүн жасап келген. Ал дайыма жанына мени жардамчы кылып алчу. Ошентип атамдын жасагандарын көрүп, жардам берип жүрүп кол өнөрчүлүктү толугу менен үйрөнүп алып, учурда ат жабдыктарын жасайм. Андан сырткары, комуз чаап кошумча киреше табам. Жасагандарымды айыл ичине сатып, көп көргөзмөлөргө алып чыктым. Эмгектеримди 5 миң сомдон жогору баалап, буйрутма да алып иштеп келем, - деди ал.

А.Алымкулов 22 жылдан бери мектепте эмгектенип, окуучуларына түрдүү улуттук буюмдарды жасоону үйрөтүп келет.

- 1989-жылы С.Чокморов атындагы атайын окуу жайынын кайыш иштетүү жана андан буюм жасоо жагын аяктап, 1990-жылдан 1995-жылга чейин Нарын шаарындагы "Кыял" кол өнөрчүлүк бирикмесинде иштедим. Ошол эле жылы Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектепте кол эмгек жана сүрөттөн азыркы күнгө чейин сабак берип келем. Мектепте балдарга өзүнө тиешелүү буюмдарды жасатсам, кыздарга дагы өзүнө тиешелүү болгон үй буюмдарын жасоону үйрөтөм, - деди мугалим.

А.Алымкулов 2016-жылы Тарых жана маданият жылына карата кол өнөрчүлүк боюнча мектеп программасына ылайыктап китеп жазып сунуштаган.

- 2011-жылдан тарта кол өнөрчүлүк боюнча китеп жазып, 2016-жылы Тарых жана маданият жылына карата республикалык деңгээлде семинар өтүп, ошол семинардын негизинде мен мамлекеттик сыйлыкка көргөзүлүп, быйыл 2017-жылы президенттин колунан ардак грамота алдым. “Манас” эпосундагы ат жабдыктардын баяндалышы жана аларга байланыштуу айтылган макал-лакаптар, накыл кептер, көөнө сөздөрдүн негизинде мектептик программага ылайыктап китеп жаздым. Өзүм мектеп программасынан тышкары кол эмгек сабагы боюнча ийрим уюштурдум. Ал ийримде 25 окуучум тарбияланат. Окуучуларымдын 60 пайызы үйрөнүп, өз алдынча буюмдарды жасап келишет - дейт ал.

Мугалим 1997-жылы райондук администрациядан грамота, облустан ыраазычылык кат алып, 2011-жылы билим берүүнүн отличниги болсо, 2016-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда ат жабдыктарынын түрүн жасап, 3-орунду ээлеп,  грамота менен сыйланган.

А.Алымкуловдун жубайы Г.Жекшенова экөөнүн баш кошконуна быйыл 21 жылдын жүзү болду. Учурда алар 1 кыз, 2 уулду тарбиялап жатышат.