Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Лейлек районуна - 90 жыл

  Куш ысымдуу Лейлек жергеси 2018-жылдын 25-октябрында өзүнүн 90 жылдык маарекесин белгилөө алдында турат.Бул күн Лейлек районунан чыккан  улуу инсан И.Раззаковдун туулган күнү.

Азыркы учурда бул даталуу күндү мыкты деңгээлде өткөрүү үчүн райадминистрация,  райондун тургундары жана  билим берүү кызматкерлери  аракеттерди көрүп келишүүдө.

Лейлек району – Баткен облусундагы административдик район. 1928-ж. уюшулган. Баткен облусунун батыш бөлүгүндө жайгашып, түндүк-батышынан жана түштүгүнөн Тажикстан (мында чек арасынын узундугу 297 км), чыгышынан Баткен району менен чектешет. Республиканын борбору Бишкектен 1135 км, Пролетарск (Тажикстан) темир жол бекетинен 55 км, облустун борбору Баткен шаарынан 135 км алыстыкта. Аянты 4,7 миң км2 (Баткен облусунун аймагынын 27,4%ин түзөт). Калкы 117,0 миң (2010). Райондо 2 шаар (ИсфанаСүлүктү), 9 айыл өкмөтү, 48 айыл бар. Борбору – Исфана шаары. Ал эми райондун аймагында 67 жалпы билим берүүчү жана 45 мектепке чейинки билим берүү мекемелери жайгашкан.