Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Лейлек райондук кесиптик бирлик комитети ыраазычылык билдирет

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети тарабынан уюштурулган "Кесиптешке жардам" кайрымдуулук акциясын райондун мектепке чейинки билим берүү уюмдары да жапырт колдоого алышууда. Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук канаа башчысы Н.Эралиева жетектеген Лейлек районунун балдар бакчаларынын кызматкерлери "Сейтек-Максат" балдар бакчасына материалдык жана моралдык жардам көрсөтүштү. Ушундай оор күндөрдө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Баткен областы Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айыл аймагындагы чек арадагы окуядан жабыркаган, турак-жайы өрттөнгөн жана тонолгон 46 билим берүү кызматкерлерине Бишкек шаарындагы "Бикард" медициналык клиникасы, жеке ишкер Алмазбек Темирбаев жана Россия Федерациясынын Казань шаарында жашаган жердешибиз (Нурланбек Балтабаеыге) ири суммадагы материалдык жардам көрсөтүштү. Аны "Тогуз-Булак" орто мектебинин директору ажы Курбанбек Камаловго тапшырды.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык, райондук, шаардык комитеттери жана областтык кесиптик бирлик кеңеши тарабынан Кулунду, Жаны-Жер айыл аймактарында чек арадагы окуяда жабыркаган 46 билим берүү кызматкерлерине ири өлчөмдө акчалай жардам көрсөтүлдү. Завиридин Ботоков, Абдыганы Казаков жана Баткен областындагы райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларына ыраазычылык билдиребиз.

Максат айылындагы чек ара чырынан жабыркаган жергиликтүү тургундарга Ысык- Көл областынын Бостери айылынын жашоочулары тарабынан гуманитардык жардам жеткирилди.

Жабыр тарткан жергиликтүү тургундардын, билим берүү кызматкерлеринин атынан чек ара жаңжалынан жабыр тарткандарга материалдык жана гуманитардык жардам көрсөткөндүөктөрү үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, шаардык, райондук комитеттерине жана Ысык-Көл областынын Бостери айылынын жашоочуларына терең ыраазычылык билдиребиз.

Аны менен бирге, "Кесиптешке жардам" кайрымдуулук акциясына жакындан материалдык жардам көрсөткөн төмөнкү кесиптештерге жана жарандарга терең ыраазычылыгын билдиребиз: 

- Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнө,

- Чолпон-Ата шаарындагы "Билим ордо" МК,

- Бишкек шаарындагы № 97 кесиптик лицейине,

- Бишкек шаарындагы "Самара" тигүү цехинин эмгек жамаатына (Муратова Сыргабубу).

 

 

Маалыматты даярдаган: Лейлек райКБКнын төрагасы А.Бердиев