Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ӨЛБӨСТҮКТҮН ИЗИН КАЛТЫРГАН УСТАТ...

Күтүүсүз жана ишенүүгө даабай турган суук кабарга баш чайкап, кабыргасы кайышып, билим берүүнүн бийик аскасынын кулаганына мууну бошоп, жүрөгү сыздап, жүлүнү жүз түмөн ойго салып, көзгө жашы, көөдөнгө ыйы батпай, кылымда бир жаралчу инсандын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына асманын булут басып, карегин ачуу жаш каптап турган урматтуу санаалаштар, караан түн салган кайгыны тең бөлүшкөн замандаштар. Жакшыбы, жаманбы...кабар деген кабар экен . Ооба, уккан кулагыбызга ишенбей, кечээ гана арабызда жүргөн асыл устаттан ажырадык дегенге акылыбыз да, пенделик сезүүбүз да ынанбай турат. Айтканга канчалык оор, укканга мынчалык кайгылуу болгон кабарга заманыбыз куурулуп, шайыбыз кетип, чырагыбыз өчкөндөй болуп турабыз.

Акыл айткан кеменгерден, улуу идеяны жараткан устаттан, адабияттагы  дагы бир алптан, дилгир дипломаттан, реалдуу реформатордон, чыныгы адамдын асылдыгын жогору койгон акылман инсандан, жаштарга санат, жакшыга канат, билим берүү тармагынын даанышманынан, илимдин ийгиликтүү ишмеринен, маданияттын мыктысынан, жетилген жетекчиден, тамыры терен таланттан, көптү көргөн көсөмдөн, ак ниет адамдан айрылдык, бул кандай оор...

Тагдыр жолума чырак болгон устатым тууралуу эскерүү жазам деген ой жети уктап түшүмө да кирген эмес. Бул инсан канчалаган адамдарга жол көрсөтүп, багыт берип, иштин илгерилешине, ар бир ийгиликтин ишке ашуусуна бел байлап, жан дили менен жардамдашып, мезгили келсе эки чылбыр, бир тизгинди да колго алып, билгенин бөлүшүп, айтканын аткарып, улууларды уга билген, жаштардын жаратмандыгын колдой алган, чыныгы жоомарттыктын үлгүсүн көрсөткөн инсан эле. Олбурлуу денесине, олуттуу сүйлөмү, омоктуу ойлору дал келген, айтканына жасаган иши шайкеш, алдын ала көрө билген көсөмдүгү, сөз баккан чечендиги, тегинде бар тапкычтыгы, багытты түз кармаган билермандыгы, жылдыздай жаркыган жөнөкөйлүгү, аалам батчу айкөлдүгү, тарбия алчу тактыгы дайыма бизге үлгү бойдон калат жана эч качан унутулбайт.Канткен күндө да биздин устат эн татыктуу жашай алды.

Өмүрдүн өлчөмү сан менен эмес, сапат менен бааланат. Кандай кызматтарды аркалабасын, өзүнө эмне тапшырма берилбесин, анын баарын эң мыкты денгээлде, бараалына жеткире чыгармачылык менен аткарды. Анын ишмердүүлүгү артында бүтүндөй улуттун, мамлекеттин, эгемендүү Кыргызстандын аброюу, кадыр баркы өстү, ал өзүнүн бүткүл өмүрүн улуттук идеялар, дасыккан адистер, өнүккөн өлкө, билимдүү жаштар, гүлдөгөн мамлекет үчүн арнады.

Кош деп айтуунун оорчулугу бизди муунтуп, жүрөгүбүздү тилип турат. Улуу устатым сиз өлбөйсүз. Анткени, жашаган жашооңүз, өлчөнгөн өмүрүнүз, жасаган эмгегиңиз бизге түбөлүк үлгү...

Башына түшкөн оор кайгыга сыздап турган санаалаштарына, досторуна, бирге иштешкен жамаатына, кыраан уулунан айрылган кыргыз элине, үмүт менен үйрүлүп күткөн үй бүлөсүнө жана жакын туугандарына терен кайгыруу менен көнүл айтып, кайгысын тең бөлүшөм...

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун...

 

Кош бол, устатым...

Шакиртиңиз БЕКМУРЗА ЗУЛУЕВ