Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кызматташтык келишимге кол коюлду

И.Арабаев ат. КМУ менен Жибек Жолу фондусунун ортосунда түзүлгөн кызматташык келишимге кол коюлду. Келишимдин негизги пунктары: академиялык мобилдүүлүктү өрчүтүү, конференция, симпозиумдарды өткөзүү, Туркиянын окуу жайларынын базасында  студенттерге жайкы окуу курстарын уюштуруу. Аталган иш чаралар Туркиянын билим берүү министрлиги, Туркия мамлекетинин КРдагы элчилиги аркалуу уюштурулмакчы. Келишимге КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жана Жибек Жолу фондусунун жетекчиси Хасан Могол кол коюшту. Жолугушуулардын соңунда Түрк дүйнөсүнө билим берүү жаатында кошкон салымы үчүн  Жибек Жолу фондусунун сыйлыктары дагы тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

Эрмек Бектуров