Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскердик-спорттук мелдеш өткөрдү

2020-жылдын 20-февраль күнү№6-окуу имаратындагы спорт залда 23-февраль - Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата кесиптик бирлик комитети, кесиптик колледж жана факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасы тарабынан уюштурулган “Аскердик-спорттук мелдеш” өткөрүлдү. Иш чарага кесиптик колледждин кыргыз-кытай, экономика, маалыматтык технология, укук таануу, педагогика бөлүмдөрүнөн түзүлгөн 10 команда катышты.

Мелдешти Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков ачып, мырзаларды Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, окууларына ийгилик каалап, студенттерди ынтымакка, патриоттуулукка чакырды. Куттуктоо сөздөрүн о.э. башкы инженер Адылбек Маматов менен юридика факультетинин доценти Кадыр Уметов да айтышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Кеиптик бирлик комитетинин “Жаштар канаты” тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, Ата-Мекен, ынтымак тууралуу  обондуу ырлар аткарылып, ырлар көркөм окулду. Концерттин соңунда Ооган согушунун ардагерлери Адылбек Маматов, Кадыр Уметов агайларга гүлдестелер тапшырылды.

Салтанаттуу ачылыш аземинен соң, бүйүр кызыткан аскердик-спорттук мелдеш башталып, катышуучулар "Мүшөк менен чуркоо", "16 килограммдык гиряны көтөрүү", "Теннис шаригин кашык менен ташуу", "Узундукка секирүү", "Турникке тартынуу", "Полдон боюн көтөрүү (отжимание)", "Аркан тартыш" боюнча ат салышты.

Сүрөөн, кол чабуулар менен коштолгон оюндардын жыйынтыгында маалыматтык технология бөлүмүнөн түзүлгөн командалар 1, 2-орунду, ал эми экономика бөлүмүнүн командасы 3-орунду камсыз кылды. Ийгилик ээлери тиешелүү даражадагы диплом, медаль, топ жана торт менен сыйланды. Таймаштарга активдүү катышкан, бардык талаптарды так аткарган 10 студентке да белектер тапшырылып, оюнду көзөмөлгө алган калыстарга торт тартууланды.

 

Материалды даярдаган:

profcomknu@mail.ru