Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтуна 90 жыл

Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтуна быйыл туура 90 жыл болду. Ага ылайык 26-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында институттун маарекеси белгиленип, Президенттик аппараттын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү, КР Өкмөт мүчөлөрү, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы, Жогорку окуу жайларынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү куттук айтып, Институтка жана институттун кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырышты.

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту алгач 1924-жылы Академиялык борбор болуп түзүлүп, ага өзбек, казак, кыргыз бөлүмдөрү кирген. 1925-жылы Кыргыз бөлүмү Ташкенттен Фрунзеге көчүрүлгөн жана илимий комиссия уюштурулган. 1926-жылы жазуу жана фольклорду жыйноо комиссиясы болуп өзгөртүлүп, 1927-жылы Араб алфавитинен латын алфавитине өткөрүү өңдүү бир катар иштер аткарылган. 1928-жылы чөлкөмтаануу илим-изилдөө институту түзүлүп, тил, адабият маселелерин  ар тараптуу изилдөө жолго коюлган.

Ал эми 2008-жылы Илимдер академиясында реформа жүрүп, кайрадан эки институт биригип, академик Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.

Маарекени алгач Институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев ачып жатып, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун бир кылымга тете убакытта кыргыз мамлекетинин калыптанышына, өсүп-өнүгүшүнө, илимий кадрлардын даярдалышына, жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоодо, эл аралык мамиледе чоң кызмат өтөп келе жатканын белгилеп: “90 жыл аралыгында институт басып өткөн жол учуруна жараша татаал, кыйын ошону менен бирге байсалдуу болгондугун эскертип өттү. Бүгүнкү күнү да ошол эле жолун жаңы көз караштар менен улантууда. Келечекте да бул салт улана берет деген ишенимде” – экендигин белгилеп өттү.

КРУИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев Тил институтунун түзүлгөн күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин тил жана адабият жаатындагы көрүнүктүү эмгектерин жана илимпоздорду белгилеп: “Инститтун бүгүнкү күндөгү коллективи ушундай бай тарыхты калтырган улуу муундагы окумуштуулардын эмгектерин эстеп туруп, мындан нары да ошол калыптан жазбай, институттун өнүгүшүнө зор салым кошот деген ишенимде” – экендигин билдирди.

Иш-чарада Президенттин кеңешчиси Султан Раев чыгып сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолуп кетти: “Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун майрамын гана эмес, мамлекетибиздин өзөгүн түзгөн, азаттыгыбыздын жана эгемендүүлүгүбүздүн өзөгүн түзгөн тил майрамын белгилеп жатабыз. Ошондуктан сиздердин жамаатыңыздарды өзүмдүн атыман, өкмөттүн атынан чын дилимден куттуктайм. Институттун тагдыры мамлекеттин тагдыры менен бирдей каралат. Мамлекет, элибиздин тагдыры кандай болсо, тил жана адабият илиминин тагдыры ошондой болгон. Кыйын мезгилдерде репрессияга карабастан, мамлекет кандай гана кыйынчылыктар болбосун, тил үчүн биздин адабиятыбыз үчүн жанын берген өзүнүн илимпоз миссиясын аткарган улуу адамдар өткөн. Биз ошол атактуу адамдарды эскерүүгө милдетүүбүз. Себеби алар ушул институттун өзөгүн түзүп кетишкен” – деди ал.

Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин Аппарат башчысы Самат Ибраев, КРнын Өкмөтүнүн Билим, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Түрк академиясынын өкүлү Кадыралы Конкобаев, КР Билим жана илим министрлигинин өкүлү, илим боюнча департаменттин орун басары Олжобай Алдакунов, Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Патенттөөнүн стат-секретары Талант Конокбаев, КРнын Профсоюз уюмунун Билим жана илим  борборунун төрагасы Асылбек Токтогулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Лайли Үкүбаева, Кыргыз Улуттук университетинин ректору Канат Сыдыков, Ош Мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдор келип, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн окумуштулар Жогорку Кеңештин, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын, КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, КРнын Пофсоюз уюмунун сыйлыктары менен сыйланышты.

Иш-чарада институт тарабынан жарык көргөн эмгектердин көгөзмөсү уюштурулуп, инститтун тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндөгү 20 мүнөттүк видеотасма көрсөтүлдү. Ошондой эле маарекеге карата “Филологиянын актуалдуу проблемалары: кыргыз фольклор таануу, тил жана адабият таануу илиминин өнүгүшүндөгү Академиялык илимдин тарыхый орду” деген аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференция адабият таануу жанаТил илими боюнча эки багыта болду.

Иш-чара КРнын Эл артисти, КРнын Өкмөтүнүн мамлекеттик сыйлыгынын ээси Бакыт Тилегенов жетектеген, Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестринин коштоосундагы концерттик программа менен жыйынтыкталды.