Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИНИРГЕН МУГАЛИМИ» НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИНИРГЕН МУГАЛИМИ» НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Баткен областына караштуу Кадамжай районундагы  Молдо-Нияз  атындагы гимназия орто мектебинин директору  Кандыбаева  Парида  Кочкоровнага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими» наамы ыйгарылды. Ал бул наамга билим берүү тармагындагы  көп  жылдык үзүрлүү  эмгеги  жана мугалимдердин, окуучулардын  укугун   коргоп  кызыкчылыктарын  жактоодо,  чыгармачылык  ишмердүүлүгү жана окуучулардын билим сапатын жогорулатуудагы жетишкендиктери үчүн жетишти.

       Эжейибиздин  жогорудагы наамы менен райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  кызматкерлери  жана  билим  берүү  тармагында  иштеп  жаткан  мугалимдери  чын жүрөктөн куттукташып, мындан ары да эжейибиздин  иштерине ийгилик ,чын ден соолук жана узун өмүр каалашты.

Материалды  даярдаган  уюштуруучу  адис:  Ажиева  Феруза  Исаевна.