Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кыргызстан профсоюздар федерациясы “2013 - ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКЕМЕСИ” наамын алышы менен куттуктайбыз!

Урматтуу  Асылбек Токтогулович!

  Республикалык көп тармактуу коомдук “Жетиген” журналы салтка айланган жыл мыктыларын  аныктап, “2013 -  ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКЕМЕСИ” наамын Сиз жетектеген Кыргызстан  профсоюздар федерациясына ыйгарган жаңылыкты зор кубануу менен кабыл алдык.     Мындай сыймыкка Сиз жетектеген мекеме жыл бою жүргүзгөн рейтингдин негизинде жетишип олтурат. Бул да бекеринен эмес: Сиз жетектеген мезгилден бери федерация эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, эмгек шарттарын түзүү жана эс алууларды уюштуруу боюнча айтаарлык ийгиликтерге жетишип жаткандыгын айта кетүүгө тийишпиз.

  Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму,   аппараты, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы, областтык, райондук, шаардык, ЖОЖ, АООЖ комитеттери  Сизди жана Сиз жетектеген  жамаатты “Жетиген” журналы ыйгарган “2013-  ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКЕМЕСИ” наамы менен чын дилибизден куттуктайбыз.      Бул жогорку баага     өзүңүздүн татыктуу билимиңиз, даанышман акылмандыгыңыз, алдыны көрө билген көрөгөчтүгүңүз  жана зор эмгектик тажрыйбаңыз менен жетишип олтурасыз жана алардын аркасы менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын  ролун  ар тараптан  өнүктүрүп- өстүрүүгө көп  салым кошуп жатасыз.

Сиз    Кыргыз элинин чыныгы атуулусуз, Сизге  бекем ден соолук, узак өмүр, жарык маанай  жана   жооптуу жетекчилик ишиңизге  жаңы  ийгиликтерди  жана жетишкендиктерди  ак дилибизден каалайбыз .

 

Сизди терең урматтоо менен,

Борбордук Комитетинин президиуму,   аппараты,

 “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы,

областтык, райондук, шаардык,

ЖОЖ, АООЖ комитеттери