Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кыргыз тилчилердин ийгилиги

Кыргыз тили кыргыз элине ата-бабадан калган улуу тарыхы, мурасы болуп саналат. Залкар жазуучу Ч.Айтматов: «Ар бир элдин тили –ошол элдин нечен кылымдык жашоосунан жаралган кымбат мурасы» деп айткан. Океандай чалкыган «Манас» эпосун баш кылган дастандарыбыз, каада-салттарыбыз, элдик оозеки чыгармаларыбыз мына ушул тилибиз менен ооздон-оозго айтылып келип бизге жеткен. Ушундай кооз жана бай тилибиздин өнүгүшүнө районубуздагы кыргыз тилчи мугалимдерибиздин да салымдары зор.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “2012-2013-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү” 25-декабрь 2012-жылдагы №757/1 буйругунун негизинде март айынын аягында өткөрүлгөн республикалык олимпиадада кыргыз тилинен Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Карыпова Каныкей ( мугалими Айткулова Айнура) II орунду, Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын 10-классынын окуучусу Жолдошбек кызы Анара (мугалими Илиязова Бактыгүл) II орунду ээлешип, Билим берүү министрлигинин диплому жана баалуу белектери менен сыйланып кайтышкан.

Ал эми “Себат” билим берүү мекемеси уюштуруп, каржылаган “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” деген темада өткөрүлгөн республикалык кыргыз тили олимпиадасында А.Бостонов атындагы Семиз-Бел орто мектебинин 10-классынын окуучусу Белек кызы Алтынай (мугалими Кубатбек кызы Элиза) II орунду ээлеп, 7000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 27-декабрь 2012-жылдагы №765/1 буйругунун негизинде 8-класстардын арасында “Манас” эпосу боюнча өткөрүлгөн республикалык олимпиадада Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын 8-классынын окуучусу Эркинбек кызы Диляра ( мугалими Сөлпиева Акак) II орунду ээлеп ноутбук менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январдагы №67 токтому менен бекитилген “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу жана окуучуларды жарандык атуулдукка, достукка, улут аралык ынтымакка тарбиялоо максатында өткөрүлгөн Республикалык “Манас таануу” интелектуалдык таймашынын облустук туруна Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын “Кырк чоро” командасы катышып (жетекчиси Сөлпиева Акак) II орунду ээлеп келишти.

Жогорудагы аты аталган кыргыз тилчи мугалимдерди 25-май “Акыркы коңгуроо” салтанатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков куттуктап, иштерине ийгилик каалоо менен 4000 сом акчалай сыйлык жана ыраазычылык кат тапшырды.

 Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн

 Окуу-методикалык кабинетинин башчысы