Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Куттуктайбыз!

Куттуктайбыз!

 

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Сузак  райондук  комитетинин  төрагасы  Орозалиев  Абдимажит  Жумабаевич   60  жаш  куракка чыгып олтурат.

Өзүнүн өмүрүнүн 38 жылын жалаң билим берүү тармагынын өнүгүшүнө жана келечек муундарды тарбиялоого, бул тармактын кызматкерлеринин социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого арнап келаткан кесиптешибиз   Орозалиев  Абдимажит  Жумабаевичти Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, обкомдору, райкомдору жана шааркомдору, ЖОЖ жана АООЖ профкомдору, Сузак районунун педагогикалык жамааты, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы 60 жылдык мааракеси менен ак дилден куттуктайбыз!

Абдимажит  Жумабаевич    Аксы жана Сузак райондорунда  иштеген жылдары мыкты педагог, уюштуруучу жетекчи, ак ниет кызматкер, ишенимдүү жолдош катары өзүн көрсөтө алды. Акыркы жылдары райондун билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону уюштуруу, жүргүзүү жана көзөмөлдөө боюнча арбын иштерди аткарып келүүдө.

Маараке ээсине бекем ден соолук, узун жаш, үй-бүлөлүк бакты-таалай, ишине ар кыл ийгиликтерди каалайбыз.