Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

КУТТУКТАЙБЫЗ!

     Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты Асылбек Токтогулович Токтогуловду ага жакында К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Ардактуу профессору ардак наамынын ыйгарылышы менен тармактык профсоюздун областтык, шаардык, райондук, ЖОЖ жана АООЖ профкомдору, профсоюздук актив, Борбордук Комитеттин аппараты, республикалык текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү  чын дилден куттукташат.

    Асылбек Токтогуловичке мындай ардак наамдын ыйгарылышын биздин тармактык профсоюз уюмуна берилген жогорку баа катары кабыл алабыз жана ак ниеттен сыймыктанабыз.

    Узак жылдардан бери тармактык коомдук уюмду башкарып, анын уюштуруучулук жана көзөмөл жүргүзүү ишмердиктеринде көптөгөн реформаларды ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткан устат жетекчибизге узун өмүр, чың ден соолук жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалайбыз!