Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кутман курак кут болсун!

Урматтуу Токтомуш Исраилович!

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети жана Жалал-Абад областтык комитетинин президиумунун, бардык райшааркомдордун төрагаларынын жана жеке өзүмдүн атымдан 70 жылдык кутман курагыңыз менен чын дилимден куттуктаймын.

Сиздин эмгек жолуңуз мекенге ак ниеттен кызмат кылуунун үлгүсү болуп саналат. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана финансы факультетин аяктап, жогорку билимдүү адистикке ээ болуп, байсалдуу жолду басып өттүңүз.

Ушул тапта кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитетинин төрагасы кызматын ийгиликтүү аткарып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоону күжүрмөндүүлүк менен ишке ашырып келе жатасыз. Сиздин бул иште жараткан ийгиликтериңиз бизди да кубандырат.

Кесиптик бирлик коомчулугу Сизди алдына адам салбаган, терең эрудициялуу, маселенин уңгусун кармай билген, ой-чабыты кенен, өзүнө гана таандык мүнөзү бар, оор-басырыктуу жүрүм-туруму менен башкалардан өзгөчөлөнгөн жетекчи, адамгерчилиги бийик, өз позициясынан тайбаган көкжалдыгы бар инсан катарында жакшы билишет жана урматташат.

Көп жылдык иш-тажрыйбаңыз жалпынын кенчине айланып, жаш кызматкерлерди тарбиялоодо үлгү болуп жаткандыгын да биз баса белгилейбиз.

Көп жылдык эмгегиңиз жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, «Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин отличниги» төш белгиси, «Билим жана илим профсоюзунун отличниги», Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин 2-даражадагы «Айбат» медалынын, профсоюздун Борбордук Комитетинин «Жылдын Бакайы» ардак наамынын ээси болдуңуз. Ал Сиздин ак эмгегиңиздин үзүрү жана жемиши.

Эл ишенимине ээ болуп Токтогул райондук кеңештин 4 жолку депутаты жана поселкалык кеңештин 3 жолку депутаты болуп шайланып, райондун ар тараптуу өнүгүшүнө бараандуу салым коштуңуз.

Биз Сизди бактылуу үй-бүлөнүн атасы, неберелерди бапестеп, өстүрүп жаткан чоң ата катарында да билебиз.

Урматтуу Токтомуш Исраилович!

Сизди дагы бир жолу 70 жылдык кутман курак мааракеңиз менен куттуктайбыз, бакубат ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз. Ишиңизди дайыма ийгилик коштосун!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Билим жана илим кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин
Борбордук комитетинин төрагасы                                 А.Токтогулов


Билим жана илим кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин
Жалал-Абад областтык комитетинин
төрагасы                                                                           А.Исмаилов