Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кут толгон НООРУЗ майрамы кут болсун!

 

Жаратылыштын жанданышы менен жашообузга баш баккан жаңы жыл майрамы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өзгөчө шаң менен белгиленди.

Босого алдында турган Нооруз жалпы журтка жакшылык ыроолосун деген аруу тилек менен окуу жайдын окутуучулар жана студенттер жамааты иш чараны жогорку деңгээлде уюштурушту.

 

Алгач боз үй тигилип, казан асылып сүмөлөк кайнатыла баштады. Катарда Кыргыз-Россия факультетинин студенттери “Сармерден” өткөрүшүп, майрамдын шаңына кызуу аралашышты. Андан соң институттун кызматкерлери үчүн дасторкон жайылып, тамактар даярдалды.

 

Ошондой эле жалпы жамааттын курчоосунда таланттардан концерттик программа тартууланып, кыргыз элинин улуттук оюндары ойнотулду.

Бул менен бирге спорттун “Аркан тартыш”, “Таяк тартыш”, “Кол күрөш” жана гиря көтөрүү боюнча мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

 

Мунун баарына күбө болгон соң  окутуучулар жамааты от боюнда сүмөлөк аралаштырып андан кийин дасторкон үстүнөн орун алышты. Майрамдык иш чаранын калган бөлүгү жаштар үчүн бий кече менен уланды.

 

Жаздын деми менен бирге тосчу Нооруз майрамын өткөн жылы карантин шартында ар бирибиз үйдө өткөргөнүбүз белгилүү. Мындан ары ааламда тынчтык болуп, жумурай-журттун ден соолугу чың болушун каалап кетебиз.

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

 

Материалды даярдаган: ОГПИнин пресс-кызматы