Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кургак учук - бул өлкөнүн көйгөйү, социалдык оор дарт !

ЖАМУнун медицина факультетинин 6-курсунун студенттери Жалал-Абад шаарынын орто мектептеринде 24-март – кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк эл аралык күнүнө карата кургак учуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөзүштү.

Студенттер кургак учуктун пайда болушу, анын түрлөрү,  дартты жугузуп албоонун жолдору, эмдөө, оорулуу жана анын айланасындагылар өздүк жана жалпы гигиенаны сактоонун  зарылдыгы, кургак учуктан толук айыгууга мүмкүн экендиги, ал үчүн ооруга дуушар болгон адамдар өз учурунда дарыгерлерге кайрылып, дары-дармектерди өз убагында ичип туруусу керек экендиги жөнүндө айтып беришти. Өздөрү даярдаган слайддарды көрсөтүү аркылуу   кургак учук бул өлкөнүн көйгөйү - социалдык оор дарт экендигин көргөзмөлүү түшүндүрүүгө жетишишти.

 

 

Даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова