Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Көпчүлүктүн камын ойлогон жетекчи- камкор жетекчи

2018-жылдын 10 –октябрында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Баткен  областтык IV конференциясы болуп өттү.  Конференцияга Билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин төрагасы   А.Т.Токтогулов, делегаттар жана чакырылган коноктор катышышты.

Комитеттин беш жыл аралыгында жүргүзгөн иштерине делегаттар тарабынан бир топ жакшы пикирлер айтылды.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Баткен  областтык комитетинин төрагасы болуп кайрадан З.Н Бөтөков бир добуштан  шайланды.

З.Н Бөтөковду эл үчүн күйгөн камкор, кичи пейил жетекчи катары баалайбыз жана урматтайбыз.

Куттукттоо менен иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.