Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Конференция болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин Ат-Башы райондук профсоюз комитетинин отчеттук кайра шайлоо Конференциясы 31-май 2019 жылы болуп өттү.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, Профсоюздун Нарын областтык Кенешинин төрагасы Курманкожоев Муканбетаалы Жунушалиевич жана баштапкы уюмдан шайланып келген делегаттар катышышты. Конференцияда райондук комитеттин төрагасы К.Керималиев райондук комитеттин отчеттук мезгилде жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу  доклад жасады.

Ошондой эле текшерүү комиссиясынын отчету угулду. Докладчы Б.Абдыбеков Конференциянын делегаттары райондук комитеттин жаны тутумун жана текшерүү комиссиясын шайлашты.

Райондук комитеттин төрагалыгына 2 (эки) талапкер көргөзүлүп көпчүлүк добуш алган Керималиев Келдибек Калканович төрага болуп кайрадан шайланды.

 

Материалды даярдаган:

Кадырова Ноорузгул