Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кезектеги билим кербен Чоң-Алайда...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Жогорку окуу жайга чейинки даярдоо бөлүмүнөн түзүлгөн “Мурас” кербени өзүнүн сапарын Чоң-Алай районунда улап, андагы Жекенди жана Чоң-Алай айыл-өкмөттөрүндө болушту.

Кезектеги кербендин жүрүшүндө 2 күн айыл мектептерин кыдырып, 10 орто мектептин 9-10-11-классынын окуучуларына тренинг өтүп келишти.

Мында кыргыз тили жана адабияты, математика жана химия предметтери боюнча атайын адистер ЖРТ (жалпы республикалык тест) тууралуу түшүнүк берип, кесипке багыт берүү боюнча тренинг өтүп, өз билимдери менен бөлүшүштү.

 

Кербендин жүрүшүндө айыл мектептеринин бир топ артыкчылыктарына жана көйгөйлөрүнө күбө болдук. Айрым мектеп жетекчилердин айтымында мектепте ЖРТга даярдай турчу адистердин жетишсиздигинен улам, окуучулардын кээ бири шаардагы атайын борборлордон даярданышат. Ал эми айрым окуучулар алдын-ала ЖРТ тапшыруудан баш тартып коюшат. Анткени өздөрүнүн билимине ишенбей жана жашоо шарттарына байланыштуу жогорку окуу жайга окуу мүмкүнчүлүгүнөн четтеп калгандары да жок эмес. Бирок бүтүрүүчү окуучулар бийик тоолуу аймактын анчалык катаал шартына карабай, ар дайым аракетте болуп, мугалимдердин берген билиминин натыйжасы менен ата-энелердин колдоосу аркылуу тестти ийгиликтүү тапшырууга белсенип, кызуу даярданып жаткандарына күбө болдук.

 

Ал эми биздин бөлүмдүн максаты да дал ушундай алыскы аймактардагы окуучулардын ЖОЖго окуусуна тепкич болгон ЖРТны ийгиликтүү тапшырышына көмөк көрсөтүү болуп саналат.

 

Эскерте кетсек ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү январь айынан өз ишин баштап, кырдаалга байланыштуу оффлайн (1500 сом) жана онлайн (1000 сом) түрдө группалар түзүлүп жатат.