Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

КЕСИПТИК МАЙРАМЫБЫЗ КУТ БОЛСУН!

Урматтуу профсоюз кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Сиздер өз эмгегиңиздерди эң баалуу ишке - билим берүү жана илим кызматкерлерин социалдык-экономикалык, эмгектик жана укуктук жактан коргоо жана  колдоо иштерине арнап келесиздер.

Кыргызстандын билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин-профсоюз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана турмуштук кызыкчылыктарын коргоону татыктуу жүзөгө ашыруу менен социалдык-эмгектик мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын коомдук көзөмөлдөөгө, бул жагдайдагы иштерди андан ары  өркүндөтүүгө, социалдык өнөктөштүктүн механизмдерин чыңдоого эң активдүү катышып, эмгек адамдарынын жашоо-тиричилигинин деңгээлин реалдуу жакшыртууга, жумушчу орундарында коопсуздук эрежелерин сактоо маселелерин чечүүгө алгылыктуу аракеттерди көрүп келе жатасыздар.

Баарыбыздын жалпы максатыбызды - тармактык профсоюздун мүчөлөрүнүн социалдык-эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоонун жана коргоонун бийик салттарын уланткандыгы үчүн профсоюздун ар бир баскычындагы кызматкерлерге жана активисттерге терең ыраазычылыгымды билдиремин. 

Урматтуу профсоюз кызматкерлери!

Сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди жана алдыга койгон максаттарыбызга жетүү үчүн үзүрлүү иштерди каалаймын.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бакыт-таалай, бакубат жашоо жана бекем ден соолук тилейм! Биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында биздин аткарып жаткан иштерибиз, багытыбыз өз максатына жетерине терең ишенем!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин профсоюзунун

борбордук комитетинин төрагасы                                                                                                         А.Токтогулов