Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин президиумунун онлайн жыйыны өттү

2022-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун онлайн жыйыны болуп өттү.

Президиумдун онлайн жыйынына президиум мүчөлөрү катышышып, күн тартибинде “Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жапа чеккен, турак-жайларына материалдык зыян келтирилген кесиптик бирлик мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү жана жалпы республикалык кыймылга активдүү катышуу жөнүндө” маселе каралды.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов сөзүндө Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуялар менен массалык маалымат булактары аркылуу жаңылыктарды угуп, окуп жатабыз. Бүгүн, 19-сентябрь республика боюнча аза күтүү күнү. Чек-арадагы кагылышууда шейит кеткен эр-азаматтардын ата-энесине, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ал эми кан-жанын аябай, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн күрөшүп жаткан эр азаматтарга таазим кылабыз деп кайрылуу менен күн тартибиндеги маселе боюнча КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтин Борбордук комитети,  билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, райондук, шаардык жана түз тейлөөдөгү кесиптик бирлик комитеттери “БИЗ БАТКЕН МЕНЕН” чакырыгынын алдында жалпы жарандык милдетибизди аткаруу максатында мүмкүнчүлүккө жараша жардамдарды берүү боюнча иштерди жүргүзүү макулдашылды.

Республика боюнча кесиптик бирлик комитеттери тарабынан чогултулган каражаттар жаракат алган, жакындарынан ажыраган жана турак-жайларына материалдык зыяндар келтирилген Лейлек, Баткен райондорунун жана Баткен шаарынын билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрүнө кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин жетекчилиги астында түзүлгөн комиссиясына  жеринде даректүү жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети