Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесипкөй адистерди даярдоодогу социалдык өнөктөштүк

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин жетекчилигинин  профсоюз уюму менен биргеликте уюштурган социалдык өнөктөштөр менен түзүлгөн меморандумга салтанаттуу кол коюу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш чара  билим берүү мекемеси менен жумуш берүүчүлөрдүн рынок талабына ылайык адистерди даярдоодогу биргеликтеги аракеттерин агийнелөө, алардын ортосундагы байланыштарды күчөтүү, кесипкөй адистерди даярлоого ар бир тармактын мүмкүнчүлүктөрү  менен күчтүү жактарынын синергиясына жеткирүүгө өбөлгө түзүү жана социалдык кызматташтыктын натыйжалуулугун арттырууга шарт түзүүгө көмөктөшүү максатында уюштурулду.

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи КРнын билим берүү жана илим министрлиги, Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) колдоосу менен аткарып жаткан  “Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун активдүү катышуучусу.

Аземге социалдык өнөктөштөр катары  “Жалал-Абад электро” ААКтын,   “Кыргыз телеком” ААКтын Жалал-Абад филиалынын, КР Өкүмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жалал-Абад областык мониторинг жана баалоо секторунун жетекчилери ошондой эле Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү, Жалал-Абад шаардык мериясынын өкүлү, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы, АӨБ “Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун өкүлү, №69 Аксы кесиптик лицейинин жетекчилиги, №63 Базар-Коргон кесиптик лицейинин жетекчилиги жана ММК өкүлдөрү чакырылды.  Жалал-Абад колледжинин окутуучулары жана студенттери катышышты.

Салтанаттын жүрүшүндө ЖАКтын  алдыңкы тажрыйба борборунун презентациясы болуп, студенттердин чыгармачылыгы менен жаралган жаңы кийимдердин коллекциясы көрсөтүлдү. Приоритеттик адистиктердин студенттеринин адистик табылгалры боюнча презентациялпры тартууланды. Социалдык өнөктөштөр менен студенттердин “Заманбап адистин портрети” аттуу аталыштагы  баарлашуусу болду.

ЖАМУнун “Жалал-Абад” колледжи менен социалдык өнөктөштөрдүн ортоундагы меморандумга салтанаттуу түрдө кол коюлду. Келишим өз жемишин берерине ишенебиз. 

                                                                      

Даярдаган: Нуржан Баитова