Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесибин туу туткан мугалим

Абдрашитова Гүлсара 1952-жылы 17-февралда Баткен районунун Баткен айылында туулган. 1960-1967-жылдары В.И.Ленин атындагы орто мектебинде окуп, 1971-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган. 1978-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигин бүтүргөн.

Алгачкы эмгек жолун Баткен районунун Бужум орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп баштаган. Андан кийин Кызыл-Жол, Кызыл – Бел сегиз жылдык, Кара-Булак, Бужум орто мектептеринде башталгыч класстардын мугалими, 1978-1993-жылдары Н.К.Крупская атындагы орто мектепте, андан кийн 1993-жылдын октябрь айынан азыркы күнгө чейин Баткен областтык гимназия – жатак – мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келе жатат. Ушул аралыкта “Жогорку даражадагы мугалим” деген даражага жетишкен. Абдрашитованын окуткан окуучулары кыргыз тили жана адабияты саьагы боюнча Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында жогорку упайларга ээ болушуп, жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кабыл алынып окуп жатышат.

            1988-жылы”Чыгармачыл мугалимден чыгармачыл жамаатка”  аттуу Республикалык чыгармачыл мугалимдердин 1-слетунда жана 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы уюштурган “Үлгүлүү мугалим - 2005” республикалык кароо – сынагында көрсөтмөлүү сабак өтүп берген. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 2005-жылы 14-февралындагы № 68-1 буйругу менен жаңы муундагы окуу китептерин чыгаруу боюнча өзүнүн ой-пикир, сунуштарын киргизген. Аталган мугалим өзүнүн 46 жылдык эмгек жолунда төмөнкүдөй жогорку сыйлык, наамдарга татыктуу болгон:

1. 1975-жылы май айында Бүткүл союздук В.И.Ленин атындагы пионер уюмунун Ардак грамотасы;

2. 1984-жылы 23-январда “Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун мыктысы”;

3. 1987-жылы 24-октябрда Кыргызстан КП Ош обкомунун облусттук советинин аткаруу комитетинин, Облсофпрофтун, Комсомолдун облусттук комитетинин Юбилейлик Ардак грамотасы;

4. 1988-жылы 5-февралда Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин агартуу кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин Ардак грамотасы;

5. 1988-жылы 15-мартта “Ага мугалим”  наамын алган;

6. 1988-жылы апрель айында Кыргызстан мугалимдеринин У1 сьездине делегат болуп шайланган;

7. 2004-жылы апрелде Баткен облустук администрациясынын Ардак грамотасы;

8. 2004-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;

9. 2005-жылы Баткен облустук билим берүү башкармалыгынын 1 Даражадагы диплому;

10. 2005-жылы ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын диплому менен;

11. 2006-жылы апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тил боюнча улуттук комиссиясынын диплому;

12. 2009-жылы февралда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы;

13. 2011-жылы 29-августа “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамын алган.

 

Баткен областтык гимназия жатак мектебинин

 профсоюз комитетинин мүчөсү                                                              У.Зияева