Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Көчмө президиум Ошто өттү

2019-жылдын 5-мартында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын билим  берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун көчмө жыйыны болуп өттү. Анын ишине президиум мүчөлөрүнөн тышкары Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы БК мүчөлөрү, райшааркомдордун, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин төрагалары, түштүк региондогу райшаар билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ЖОЖ ректорлору, АООЖ директорлору, тармактык профсоюздук активдин өкүлдөрү, БК, ОК жана РК аппараттарынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

Көчмө президиумдун жыйынын кириш сөз сүйлөө менен Кыргыз Республикасынын билим  берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Президиумдун жыйыны “Кыргыз Республикасынын билим  берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VI съездинин, БК андан кийинки пленумдарынын билим  берүү жана илим кызматкерлерин социалдык жактан колдоону камсыз кылуу, тармактын мүчөлүк профсоюз уюмдарын уюштуруучулук, финансылык жана маалыматтык жактан чыңдоо боюнча чечимдерин аткаруу жаатында Ош жана Баткен облустарынын айрым райшааркомдорунун, Ош шааркомунун иштерин жеринде комплекстүү окуп-үйрөнүүнүн жыйынтыктары тууралуу” маселени карады.

Бул маселе боюнча БК  2019-жылдагы перспективалык иш планына ылайык ушул жылдын 26-февралынан тартып 4-марты кошулган 7 күндө Борбордук Комитеттин төрагасынын орун басары Ө.Молдокматов жетектеген БК аппаратынын кызматкерлери: социалдык-экономикалык жана эмгек акы бөлүмүнүн башчысы-аппарат жетекчиси И.Афанасьева, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова,   укуктук жана техникалык башкы эмгек инспектору Б.Кадыркулов, жаштар менен иштөө жана маалымат иштери боюнча бөлүм башчысы В.Бредихина  тутумунда болгон топ Ош жана Баткен облустарынын айрым райшааркомдорунун, Ош шааркомунун социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, уюштуруу иштерин жүргүзүү, билим берүү  кызматкерлеринин эмгек акыларынын жана эмгекке жарамсыздык баракчаларынын туура эсептелиши жана туура төлөнүшү, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүү, профсоюз комитеттериндеги финансылык саясаттын абалы жана жолдомолордун туура таркатылышы, жаштар кеңештеринин иштери, маалыматтык камсыздоо жана баштапкы профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүктөрү боюнча иштери менен жеринде таанышып чыгышкан жана алар президиумдун жыйынында тиешелүү билдирүүлөрдү жасашты.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

Президиум күн тартибиндеги маселе боюнча тиешелүү токтом кабыл алды.