Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Каржылык сабаттуулук

26-октябрда Бишкек гуманитардык университетинин профсоюздук комитети өлкөбүздөгү белгилүү банктардын бири  “Айыл банк” менен биргеликте студенттердин катышуусунда "Каржылык сабаттуулук”- деген теманын негизинде чакан иш чара уюштурулду. Иш чара "Айыл банктын” кеңсесинде өткөрүлүп,  окуу жайдын Экономика жана каржы факультетинин студенттери катышты. Мында, насыя берүү, каржыны туура колдонуу, каржыны сактоонун жолдору тууралуу маалыматтар берилип, адистер студенттердин каржы маселесине байланышкан суроолоруна жооп беришти. Жыйынтыгында “Айыл банктын” жетекчилиги тарабынан даярдалган атайын белектер менен сыйланышты.

 

 

Материалды даярдаган: Сатиев Азамат