Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Карыларга камкордук

 “Карысы бардын - ырысы бар” - деп кыргыз элинде бекеринен айтылбаса керек. Карылар дайыма камкордукка алынып, ар тараптуу колдоого алынып туруусу, бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири.  Биз карылар мурас кылып калтырып жаткан, туура көрсөткөн жолун улап келечекке кадам таштообуз абзел.

Карылар күнүнө карата 1-октябрда Бишкек гуманитардык университетинин кесиптик бирлиги тарабынан окуу жайда эмгектенип жаткан жана көп жыл үзүрлүү эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан карыларды куттуктоо иш чарасы уюштурулду. Кесиптик бирлик тарабынан сый тамак уюштурулуп, окуу жайдан атайын материалдык колдоо көрсөтүлүп, акчалай каражат бөлүнүп берилди. Майрамдык иш чарага 40тан ашуун аксакалдар келип,кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, баталарын беришти..

Карыларды урматтоого болгон кадам үзгүлтүккө учурабай, майрам күндү гана күтүп олтурбастан улууларга болгон сый мамиле, урматтоо, камкордук көрсөтүү жыл бою улана бермекчи.  

 

Материалды даярдаган:

Сатиев Азамат