Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кара-Балта шаарынын №12 орто мектебинде теннис жана футбол боюнча спартакиада уюштурулуп өткөрүлдү

Жайыл райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан 2018-жылдын 3-ноябрында  Кара-Балта шаарынын  №12 орто мектебинин базасында теннис жана футбол боюнча  спартакиада уюштурулуп өткөрүлдү. Футбол боюнча 1 орунга шаардын №1,2,3,9 жана Алексеевка мектептеринин мугалимдеринен турган команда ээ болду.  Алар 3000сом жана грамота менен сыйланды. 2 орунду Сосновка, Талды-Булак, Сары-Булак мектептеринин өкүлдөрү түзгөн команда алды . Грамота жана 2500сом менен сыйланышты. Ал эми шаардык №10,11,12  мектептеринин өкүлдөрүнөн турган команда 3 орунга ээ болуп 2000сом, грамотасы менен сыйланды.

 

Материалды даярдаган Бодачиева Рахат