Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кайгыруу менен көңүл айтабыз

Жакыпов Памирбек Жакыпович 25-март 1958-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Калинина айылында жарык дүйнөгө келген. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөндөн кийин эмгек жолун Араван районундагы балдардын спорт  мектебинде машыктыруучу болуп иштөө менен баштаган. 1980-1985-жылдары Кара-Суу районундагы А.И.Герцен атайын орто мектебинде дене тарбия мугалими, 1985-1991-жылдары Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу, 1991-2011-жыдары Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө башкы адис, 2011-2013-жылдары Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2013-жылдын май айынан бери билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштеп келген.

Жаш жеткинчектерге билим жана тарбия  берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн 1996-жылы Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана илим министрлигинин “ Билим берүүнүн мыктысы ” төш белгиси, 2010,2014-жылдары Кыргыз Республикасынын  билим  берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, 2014-жылы Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2013-жылы Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин “ Билим, илим профсоюзунун отличниги ” төш белгиси менен сыйланган.

2019-жылы - “ Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында”   тармактын  проофсоюз  кыймылына кошкон чоң салымы, социалдык өнөктүктү бекемдөөдө жана окуу мекемелериндеги кызматкерлердин укугун, кызыкчылыгын коргоодо ийгиликтүү, жемиштүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук   комитетинин ” Жылдын Бакайы ” Ардактуу наамы менен сыйланган.

Жакыпов Памирбек Жакыпович тармактын профсоюз комитеттеринин социалдык  ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өркүндөтүү, билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан колдоо жана эмгек укуктарын коргоо, тармактык профсоюздун уставдык  максаттарынын жана милдеттеринин ишке ашырылышы, жер-жерлерде профсоюздун  ролун, ишмердүүлүктөрүн, кадыр-баркын, инновациялык жана маалыматтык ыкмаларды өнүктүрүүдө көптөгөн алгылыктуу иштерди жүргүзүп келген.

Кыргыз Республикасынын  билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: Ж.Ташиев, А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттери, Ош областтык профсоюз комитети жана  облустун жалпы профсоюздук активи Жакыпов Памирбек Жакыповичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу  үй-бүлөөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.