Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде талкуу болуп өттү

2021-жылдын 18-январында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин администрациясы жана бириккен профсоюздук комитети окуу жайдын жалпы студенттик активдери менен жолугушуу өткөзүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Аскар Асангазиевич Иманбаев окуу жайдын бюджети тууралуу сөз кылды. “Дистанциондук режимдеги окуу процесси жүрүп жаткандыгы менен окуу жайлардын окутуучуулары жана кызматкерлери айлык акы алышы керек. Ошол эле учурда, университет дагы окутуучулардын онлайн сабак өтүүсү үчүн материалдык базасын чыңдап бериши керек. Коммуналдык чыгашаларды дагы эстен чыгарбашыбыз керек”, - деп баса белгилеп, азыркы учурда бул абдан оор маселе экендигин билдирди. Андан соң университеттин профсоюз комитетинин төрагасы К.Алымбаев жыл сайын студенттерге берилип жаткан социалдык чегерүүлөр тууралуу айтып берди. Окуу жайда билим алган жетим балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге, Афган согушуна, баткендик окуяларга катышкан ата-энелердин балдарына жана ошондой эле спортто ийгиликтерди жараткан студенттерге 100%, 50% жана 25% жеңилдетүүлөр каралган. “2020-2021-окуу жылында 24 студентке льгота катары контракт төлөмүнөн женилдиктер берилген.. Ошол эле учурда, биз окутуучулардын жана кызматкерлердин эмгек акыларын өз убагында толугу менен төлөп берип турушубуз керек. Мына ошондуктан, сиздер окууга төлөнүүчү акча каражатынарды толугу менен төлөп беришинерди суранабыз”, - , - деп белгиледи. Ошондой эле, университеттин башкы эсеп-кысапчысы М. Токтогулов жана башкы экономисти Н. Сманова окуу жайдын 2020-жылдагы контракттык жана бюджеттик негизде түшкөн каражатынын бөлүнүшү жана ошондой эле чыгашалар тууралуу кенен маалымат беришти. Студенттерге окутуучулардын жана кызматкерлердин айлык акысынын көлөмү жана соц.фондго жана салык кызматына кеткен чегерүүлөр; коммуналдык чыгашалардын көлөмү, билим берүү процессине кеткен жана башка чыгашалардын көлөмү тууралуу маалымат берилди. “Мунун баарын эсептей келгенде окуу жайдын негизги каражат булагы - студенттердин контракттык төлөмү экендиги билинип турат. Контракттык төлөмдү 50% түшүрсөк анда окуу жайдын жогорудагы чыгашаларды жабуусу мүмкүн болбой калат”, - деп билдиришти. Аскар Асангазиевич муктажы бар үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында факультеттердин декандары тарабынан контракт акыны төлөөдө убактысын индивидуалдуу түрдө карап жана жылдыруу мүмкүнчүлүктөрү берилип жаткандыгын айтты. Жолугушуунун соңунда студенттер өзүлөрүнүн сунуштарын киргизип, окуу жайдын администрациясы менен талкуу кылып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

 Профсоюз комиитетинин торагасы – Кенжебек Алымбаев