Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ишенаалы Арабаев атындагы КМУда мугалимдердин жана карылардын күнүнө арналган иш чара болуп өттү

Университетке эмгеги сиңген азыр эс алуудагы агай эжейлерге жана учурда окуу жана тарбия процессине үзүрлүү эмгектенип жаткан улуу муундагы агай эжейлерге жалпы суммасы 190000 сомдук материалдык жардам берилди. Университеттин ректору өзүнүн куттуктоо сөзүндө жалпы окутуучулар жамаатына түзүлүп жаткан шарттар жылдан жылга жакшырып жатканын белгилеп, быйылкы жылы дагы маяна кыйла көтөрүлөрүн баса белгиледи. Соңунда салтка айланып калган "Мыкты окутуучу-2017" кароо-сынагыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Гран - Прини Экономика жана менеджмент институтунун окутуучусу Амеркулова Жибек жеңип алып ректораттын,  профкомдун дипломдорун жана акчалай сыйлыктарын жеңип алды. Бардык 13 финалга чыккан окутуучуларга профкомдун ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы  тапшырылды.