Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Илим күнүн аркалай уюштурулган иш-чара

2020-жылдын 12-ноябрында Улуттук “Сейтек” балдар жана жаштар борборунда Эл аралык илим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиеванын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иш-чара уюштурулду. Иш-чарага бардык ЖОЖдордун ректорлору, көрүнүктүү илимпоздор катышышты. Куттуктоо сөзү менен вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, УИА президенти Мурат Джуматаев, ЖАК төрайымы Бакыт Тыналиева чыгышты жана мекемелик сыйлыктарды тапшырышты. Алардын ичинде биздин ректор, т.и.д., проф. А.А.Абдыкалыков ЖАКтын Ардак Грамотасы менен сыйланды. Иш-чаранын алкагында илимий-техникалык жетишкендиктердин көргөзмөсү дагы орун алды. Ага биздин университеттин кызматкерлеринин эмгектери да коюлду. Көргөзмөнүн жүрүшү көрсөткөндөй, абанын булганышын тазалоо, бульдозер-жүктөгүчтүн көп максаттуу трансформациялануучу жумушчу органы, шаарлардын генералдык пландарын иштеп чыгуу, жер титирөөгө туруктуу курулуштарды куруу сыяктуу илимий иштер катышуучулардын өзгөчө көңүлүн бурду.