Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун иш-аракеттери

 

Билим жана Илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети эмгекти коргоо мыйзамынын жана Кыргыз Өкмөтүнүн токтомдорунун, эмгекти коргоо боюнча укуктук ченемдик актыларынын аткарылыштары боюнча коомдук көзөмөлдөөнү ар тараптуу жүргүзүүдө.

Тармактык профсоюзда эмгекти коргоо боюнча атайын жооптуу адистер билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек укуктарынын  бузуулары боюнча даттанууларды карайт жана эмгек боюнча арыздашуулардын келип чыгуу себептерин аныктоо максатында  анализдерди жүргүзөт.  Алынган анализдердин  негизинде профсоюз комитети  эмгекти коргоо боюнча мыйзам бузууларды алдын алуу, жоюу, болтурбоого багытталган иш- аракеттерди жүзөгө ашыруу багынтындагы иш-пландарды иштеп чыгууда.

Иш-пландардын негизинде эмгекти коргоо боюнча жер-жерлерде практикалык жардам катары тармактык профсоюз өрт коопсуздугу, иш-орундарындагы коопсуздук эрежелерин сактоо, коопсуз жумуш орундарын түзүү боюнча атайын нускама-методикалык каттарды, материалдарды жана актуалдуу темалар боюнча изилдөөлөрдү даярдоодо жана сунуштоодо. Андан сырткары, профсоюз сот процесстеринде жана сот органдарында билим берүү кызматкерлерин эмгектерин коргоо боюнча укуктук жардамдарды көрсөтүүдө жана мекемелердеги  өндүрүштүк  бөөдө кырсыктарды, кесиптик ооруларды болтурбоо жана алдын алуу максатында көрүлүп жаткан иш- чараларды тескөөдө.

Эмгекти коргоо боюнча алгылыктуу иш-тайжырбаларды жайылтуу максатында профсоюздун борбордук комитети Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинде жогорку окуу жайлар үчүн, Ыссык-Көл областынын Түп жана Ак-Суу райондорунда, Талас областынын райондорунда, Нарын областынын Ат-Башы жана Нарын шаарында атайын окутуу-семинарлары уюштурду. Ошондой эле Бишкек шаарынын №88 жана  №91 орто мектептеринде практикалык жардам көрсөтүү жана тайжырба алмашуу иретинде атайын жеринде көзөмөлдөө жүргүзүлдү.