Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эмгек акынын туура эсептелиниши, социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдардын төлөнүшү

Чуй районундагы билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу  2017-жылдын 21-апрелинде мектеп директорлору, мектепке чейинки билим беруу мекемелеринин директорлору, профкомдор, борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери үчүн “Эмгек акынын туура эсептелиниши, социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдардын төлөнүшү” боюнча семинар уюштурулду.

Семинарга бардыгы 43 адам катышышты.

Семинарды Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Самат Наматов ачып билим берүү кызматкерлерине эмгек акынын туура эсептелиниши, социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдардын төлөнүшү боюнча билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук комитетинин президиумунда каралган маселенин жыйынтыктары боюнча маалымат берип, кетирилген кемчиликтерге токтолду. Мындан тышкары Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Жумалиева Дамира кошумча тарификацияларды жүргүзүү боюнча буйруктарды жазуу боюнча маалымат берди.

Семинардын негизги бөлүгүн билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук комитетинин эмгек акы жана социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча адиси Л.Олимпиева алып барды. Семинар кеңири маалыматтар менен камтылып 3 бөлүк менен коштолду.

1.Семинардын максаты, милдети, эмгек акы жана социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча маалымат

2. Эмгек акыларды эсептөө маселелери боюнча

3.Социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча

Ар бир бөлүктө семинардын катышуучулары суроолоруна так таамай жоопторун алышты. Семинар 3 саатка созулуп жыйынтыгында жакшы маалыматтарга ээ болгон  катышуучулар Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук комитетине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Чуй районундук билим берүү кызматкерлеринин

                  профсоюзунун төрагасы                                       С.Наматов