Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“Эмгек менен эс алуу” Билим берүү жетекчилеринин билимин жогорулатуу семинар-эс алуусу

2019-жылдын 1-майында Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында “Эмгек менен эс алуу” девизинин алдында  тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү боюнча иш чаралардын планынын ишке ашыруу максатында “Адилетүү келечек” коомдук уюму менен биргеликте Чүй районундагы Кегети капчыгайында билим берүү мекемелеринин жетекчилерин жана билим берүү бөлүмүнүн аппаратын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү. Семинарда билим берүү жетекчилери үчүн “Электрондук китепкана” темасы боюнча презентация, “Башкаруунун негизги багыттары”, “Тарбия берүүнүн ар түрдүү ыкмалары” ж.б.д.у.с. методикалык  китептер менен тааныштыруу  иштери уюштурулду.

Семинар-эс алууда “СЕКОМ” билим берүү уюму дагы өзүнүн билим берүү мекемелери жана окуучулар менен жүргүзгөн иштери жөнүндө маалымат берип өттү. Ал эми маалыматтарды алышкандан кийин билим берүү кызматкерлери жаратылыш койнунда волейбол, “Жоолук таштамай”, “Сармерден”  улуттук оюндарын ойноп ыр күү менен  эс алышты.  Билим берүү жетекчилерине жана аппарат кызматкерлери мындай семинар - эс алуулар натыйжалуу боло тургандыгын белгилеп коомдук уюмдарга ыраазычылыктарын билдиришти. Ал эми  Чүй жана Токмок билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу мындай иштер дагы да боло тургандыгын жана бул иш чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Абакиров Элдарга жана ал жетектеген  “Адилетүү келечек” коомдук уюмуна терең ыраазычылыктарын айтып өтүштү жана кызматташууну улантуу боюнча келишим түзүштү.  Семинар - эс алуу  алдына койгон максатына ийгиликтүү жетти.

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы:

С.Наматов