Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө түшүндүрүү иштери

Чүй райондук жана Токмок шаардык  билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн  борборлоштурулган бухгалтериясы менен биргеликте 2019-жылдын 4-ноябрынан 11-ноябрына чейин Чүй районунун жана Токмок шаарынын билим берүү мекемелерине чыгып жеринде билим берүү кызматкерлерине КРӨ 2019-жылдын 30-сентябрындагы №511 “Билим берүү системасынын айрым кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”  токтомунун аткарылышы боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары билим берүү кызматкерлерине  эмгек акынын төлөнүү шарттары, кошумча төлөмдөр, эмгек акыдан кармалуулар боюнча кеңири маалымат берилди. Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыга байланыштуу суроолоруна жооптор берилди. Мугалимдер  эмгек акынын жогорулашы билим берүү системасында жакшы болгондугун билдирүү менен КР билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетине мугалимдердин суроо талабын КР Өкмөтүнө жеткиргенине  терен ыраазычылык билдиришти.

 

ЧРПК төрагасы С.Наматов