Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эл аралык мугалимдер күнүңүздөр менен урматтуу кесиптештер!

Мугалимдик кесип - өтө ардактуу, сыймыктуу жана  кымбаттуу кесип! Анткени аларга жаш муундарды тарбиялоо, билим берүү жана чоң турмуш жолуна даярдоо милдети жүктөлгөн. Мен да учурунда мугалимдик кесипти тандаганыма, бүткүл өмүр эмгек жолумду ушул ишке арнагандыгыма сыймыктанам.

Республиканын бардык билим берүү кызматкерлерин Эл аралык мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктаймын жана бардык жакшылыктарды, ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалаймын.

Жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүдө, аларга туура жол көрсөтүүдө, турмуштан өз ордун табууда мугалимдин салымы зор. Орус элинин жазуучусу Л.Толстой: “Эгер мугалимде ишине гана сүйүүсү болсо, анда ал - жакшы мугалим. Эгер мугалимде ишине да, окуучуларына да сүйүүсү болсо, анда ал – өтө мыкты мугалим” деп айткан экен. Анын сыңарындай, мугалим балдар үчүн зор жоопкерчиликтүү болгону үчүн башка кесиптерден айырмаланып турат. Чыныгы мугалим болуу элдин жана коомчулуктун сыйына артуу оңой олтоң иш эмес.  

Ардактуу мугалимдер! Азыркы учурда мамлекет тарабынан билим берүү тармагы үчүн камкордуктар көрүлүп жаткандыгына баарыбыз күбөбүз. Эмгек акылардын кыйла жогорулашы, ашыкча кагаз иштеринин кыскарышы, жаңы мектептердин пайдаланууга берилиши Сиздердин алгылыктуу иштериңиздерге өбөлгө болуп жатат. Мына ушундай олуттуу камкордуктарга терең жана сапаттуу билим берүү менен жооп берүү - баарыбыздын башкы милдетибиз.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети мугалимдердин эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртуу жаатында алгылыктуу иштерин уланта бермекчи.

Урматтуу мугалимдер! Сиздердин жаш муундарга билим жана тарбия берүүдөгү ишиңиздердин үзүрлүү болушун, талыкпаган аракетиңиздер менен элдин сыйына арзый беришиңиздерди каалаймын. Ар дайым сак саламатта болуңуздар.  

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин
профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы,
педагогика илимдеринин кандидаты, профессор                                                                         А.Токтогулов