Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата

И.Арабаев ат. КМУда Балдарды коргоо күнүнө арналган "Балам бактым, балам базарым" аттуу иш чара өткөзүлдү. Университеттин профсоюз комитети менен админстрация биргелешип өткөзгөн оюн зоок программада: ырдын, бийдин сынактары,кызыктуу оюндар бар. Бөбөктөргө окуу жайдын студенттери ыр бий тартуулашты. Соңунда балдардын сүймөнчүгү болгон бал муздак да таратылды. Иш чараны курамдык профбюро төрайымдары Садыкова Н., Нооганова Е., баш болгон, Сагымбаева Г., Садыкова Г., Баяманова Т. өткөзүшүп балдардын жана ата энелердин алкыш,ыраазычылыгын алышты.

 

Материалды даярдаган:

 Эрмек Бектуров