Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эл агартуунун ардагери Сыдыгалиев Мамыт.

Эл агартуунун ардагери Сыдыгалиев Мамыт.

Сыдыгалиев Мамыт 1928-жылы 23-февралда Кара-буура районунун Ак-Жар айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Мырсалиев Сыдыгалы, апасы Сулайманова Кадича,бир туугандары: Нажимидин, Шаравидин, Абыт жана Гулбаран. Үй-бүлөдө 5 бир тууган болгон. Бир тууган агасы Сыдыгалиев Нажимидин 1939-жылы Финляндия согушуна катышып, жарадар болуп келип, Ак-Жар айылында каза болгон. 1935-жылы апасынан ажыраган. 1937-жылы атасы Сыдыгалы Магадан шаарына, 10 жылга сүргүнгө айдалган, анткени ал чоң молдо болгон.  Ошентип Мамыт жаштайынан жетимдик өмүрдү баштан кечирген. Атасы төрт жарым жылдын ичинде акталып, боштондукка чыккан. 1953-жылы атасы Сыдыгалыдан ажырап, томолой жетим калган.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушу башталып, ошол учурда поляк балдар менен тылда кош айдашкан, эгин бастырышкан. Бала чагы тылда иштеп жүрүп өткөн. 

1949-жылы Чалдовар мектеп-интернатын аяктап, Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик мугалимдер институтуна тапшырып, 1951-жылы тарых мугалиминин адистигин ийгиликтүү аяктаган. 

1957-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетине тапшырып, 1962-жылы ийгиликтүү аяктаган. 

Өз эмгек жолун 1951-жылы 23 жашында баштап, Тельман атындагы жети жылдык мектепте тарых сабагынын мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.  1953-1954-жылдары Грозный орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 1954-жылы Жоон-Дөбө орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп 1980-жылга чейин эмгектенген. 1980-жылы май айында Көк-Сай мектебине которулуп, 2 жыл мектеп мүдүрү болуп иштеген. 1982-жылы кайрадан Жоон-Дөбө орто мектебинде тарых мугалими болуп иштөө менен 1991-жылы ардактуу эс алууга чыккан.  1966-жылы КППСтин мүчөсү болгон.  Өзүнүн бүт өмүрүн мектепке, окуучуларга арнаган.

Эмгек жолунда алган сыйлыктары: 1970-жылы В.И.Лениндин 100 жылдыгына карата юбилейдик төш белгиси, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл агартуу министрлигинин Ардак грамотасы, 1975-жылы Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү төш белгиси, 1977-жылы 16-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы,  1979-жылы «Элге билим берүүнүн отличниги» төш белгиси, 1984-жылы «Эмгектин ардагери» төш белгиси, 1985-жылы Киров райОНОсунун Ардак грамотасы, 1987-жылы «Улуу мугалим» наамы, 1941-1945-жылдарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун 50 жылдыгына арналган юбилейде, юбилейдик төшүн белгиси менен сыйланган.

Аялы Сыдыгалиева Маржанбүбү менен биргеликте 7 уул, 3 кызды тарбиялашкан.  Азыркы учурда Сыдыгалиев Мамыттын 37 небереси, 36 чөбүрөсү бар. Азыркы тапта 2 уулу дарыгер, 1 уулу Улуу тергөөчү жана дагы 1 уулу инженер болуп эмгектенишет. Кыздары атасынын жолун жолдоп, мугалимдик кесипте эмгектенишкен, азыркы учурда ардактуу эс алууда.